«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Жылдын мыкты айыл өкмөтү

3 Февраль 2018 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны: 150

2017-жылдын жыйынтыгы менен, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жылдын мыкты айыл өкмөтү наамы Суусамыр айыл өкмөтүнө ыйгарылган.

Бул туурасында кененирээк Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Отунчиев Урмат Шайлообекович айтып берди:

“Бул негизи  конкурс аркылуу тандалып алынды. Жыл сайын Жайыл районунда айыл өкмөттөр арасында өтөт. Жыл сайын катышчуубуз, бирок жыйынтык жок болуп жаткан. Быйыл дагы катышып иштеген ишибиздин натыйжасында мына ушундай жакшы жетишкендикке жетип отурабыз. Бул конкурска Жайыл району боюнча 9 айыл өкмөт катышып арасынан тандалып отуруп Суусамыр айыл өкмөтү эң мыкты деп тандалды. Биздин жеңип чыгабыз деген оюубуз жок болчу. Биз болгону 1 жыл ичинде Суусамыр элине кылган кызматыбызды гана белгилеп көрсөтүп   бердик.”

Конкурска катышуу учүн жол жобосунда 10 көрсөткүч көрсөтүлгөн. Суусамыр айыл өкмөтү баардык көрсөткүчтөрдө эң мыкты деген жыйынтык берген.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Бекжанов Жыргалбек Өмүрбекович да өз ою менен бөлүштү:

“Быйылкы жылы айыл өкмөтү тарабынан жакшы иштер жасалды. Көптөгөн жетишкендиктер болду десем болот. Алардын катарында өзүңүздөр билгендей быйыл район тарабынан эн мыкты айыл өкмөт  наамын алдык. Бул жерде көптөгөн адамдардын эмгеги зор.  ”

Ал эми айыл тургуну, ардактуу эс алуудагы мугалим Сайна Дубанаева Суусамыр айыл өкмөтү туурасында өз оюн айтып берди:

“Азыркы учурдагы айыл өкмөт башчысы иштеп баштаганына аз гана убакыт болгонуна карабай жакшы иштерди алып барууда, өзгөрүүлөр болуп жатат. Эл менен баарлашып, ар бир нерсеге олуттуу карап, айыл тургундарынын көйгөйүн чечип бергенге аракет кылат. Менин оюмча жакшы иштеп жатат.”

Андан тышкары айыл өкмөт башчы өз сөзүндө бул жылда жасалган иштери туурасында кошумчалады:

“Биз быйылкы жылда эки “спец.техниканы” алып иштеттик.  27-декабрда болгон бороондо жол тейлөөчү ишкана ачалбай калган жолду  өзүбүз ачтык. Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылга, алыскы жайлоолорго да жолдор ачылды. Буга райондук аким өзү да келип күбө болуп кетти. Андан тышкары 2017-жылда Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебин толук капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Ага 3млн сом акча каражаты сарпталып, анын ичинен Суусамыр айыл өмөтүнүн салымы 800мин сом ал эми 2,5млн сом республикалык бюджеттен коротулду. Бүгүнкү күндө мектептин чатыры, эшик-терезеси баардыгы жаңыртылып балдардын жылуу жерде билим алуусуна шарт түздүк. Мына жакында гана “Арис” долбоору менен биргеликте жайыттарды жакшыртуу максатында бир авто грейдер сатып алдык. Анын баасы 7млн 850миң сом. Анын 2млн сому  айыл өкмөтүнүн эсебинен алынды. Буюрса ал техникабыз Февраль айынын ортосунан тарта кызмат кыла баштайт. ”

Суусамыр айыл өкмөтүнүн элге кылган кызматы район тарабынан белгиленип диплом,  кубок менен сыйланган.

Эскерте кетсек азыркы учурда Суусамыр айыл өкмөтүнүн иши  облустук деңгээлде каралып жаткан учуру.  Ал эми Республикалык денгээлдеги бул кароо-сынакта жеңүүчүгө 1,5 млн сом акча каражаты каралган.

      suusamyr jyldyn mykry aiyl okmotuMP3

Даярдаган: Самар кызы Зыйнат