27-февраль күнү «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда Суусамыр айылында мектептер арасындагы спорт жана ден соолук министрлери ат салышты. Таймаш абдан ары кызыктуу,ары татаал болду десек жаңылышпайбыз. Оюндун жүрүшүндѳ катышуучулардын жакшы даярданып келгени ачык билинип турду. Бирок таймашта эң мыкты спорт жана ден соолук министрин тапты.
Радиовикторинада адаттагыдай эле ѳздѳрүнүн иш-пландары менен тааныштырып, 10 суроодон турган тест, логикалык суроолор жана таланттары менен бѳлүшүштү.
И.Бегимкулов атындагы орто мектибинин тарбия завучу Казакова Назгүл сынак тууралуу ѳз ою менен бѳлүштү:

«Бул конкурстун болушу окуучуларга абдан жакшы стимул жана ѳздѳрүнүн милдеттерин так аткарып, изденүүгѳ түрткү берет. Ошондой эле ѳзүмдүн окуучум боюнча айтканда, Аиза окуу жылдын башында шайлангандан баштап, ѳз милдеттерин иштерин так аткарып жатты. Сынакка жакшы даярданып жатты, ѳзүм дагы кошумчалап, үстүртѳдѳн карап жаттым» — дейт
Таймаштын жеңүүчүсү Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин окуучусу Самудинов Амантур кубанычы менен тең бѳлүштү:

« Таймашка абдан кызуу даярдандым, жалпысынан айтканда 1 ай даярдык кѳрдүм. Мага жардам берген классташым Жумабеков Жанбулатка чоң рахмат. Былтыркы сынак мага тажрыйба берди десем болот. Мен Конушбаев Тынчтык Кадырбекович агайымдын ар кандай таймаштарына катышып жүрѳм. Былтыркы оюндан албай калсамдагы ѳзүмдү басындырбай , быйыл аракет кылып жеңишке жетишип отурам. Рахматымды айта кетсем, уюштуруучу Айзада Калканбекова эжеге, Тынчтык агайга жана Аида эжеге чоң рахмат»
Сынак түз эфирден болуп, ортосунан бир музыкалык тыныгуу болду. Оюнга калыс болгон Асаналиев Зооданбек жана Калканбекова Айзада болду. Сынак аяктап, грамота тапшырылып, жыйынтыкталды.

Эскерте кетчү жагдай жеңген министрлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып маалыматтык турга катышып келишмекчи.
Даярдаган: Ачыкова Умсунай, Айтенир Индусбекова