13- март күнү Суусамыр айылындагы К.Конушбаев атындагы орто мектебинде окуучуларга арналган документалдык кино көрсөтүлдү. Кино бир саатка жакын коюлуп, окуучуларды кызыктырды. Фильм балдарга абдан жагып, аягында ортого салып, талкуулашты. «Жашоо керемет» аттуу кино коюлуп,ал кинодо көзү азиздердин бир күндүк турмушу чагылдырылган. Бул окуучуларга жакшы таасирин тийгизген көрсөтүү болду
Бул Фестивалды жыл сайын 2007-жылдан бери «Жарандар коррупцияга каршы» Укук коргоо борбору уюштурууда, аталган борбор кийин «БирДүйнө — Кыргызстан» деген аталышка ээ болгон.
Фестивалдын негизги максаты адамукуктары жана эркиндиктери көйгөйлөрүн саясий-социалдык жана экономикалыктар издекөрүүчүлөрдүн терең түшүнүүсүнө, аларга сын көз карашменен карап жана андан чыгуу жолдорун талкуулоого мүмкүнчүлүк берүүчү документалдык фильмдер аркылуу илгерилетүү болуп саналат.
Кинонун терен маанисин жактырган Мээрим төмөндөгүлөргө токтолду:
« Мен бул кинону коруп, мүмкүнчүлүгү чектелген жана мүмкүнчүлүгү чектелбеген дени сак адамдын ортосундагы чоң айырманы сездим. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелбеген адамдар бул жашоонун жыргалчылыгын, керемети сезе алышпайт. Кинодо Дмитрий Михаиловичтин бир күндүк турмушу тартылган , анын гимназия барганы, аялынын уйдө жумуш кылып жатканы, балдарынын мектепке жетүүсүндөгү кыйынчылыктары көрсөтүлгөн. Михаиловичтин уй- бүлөөсунө дагы мамлекет тарабынан жетишээрлик көмөк көрсөтүлбөйт экен, бул дагы так берилиптир. Кинону көргөндөн кийин өзүбүз жашап жаткан жашообузга шүгүр кылып, барчылыкты балоо экен деген түшүнүк келди»дейт.
11-классынын окуучусу Кабылбеков Сактан кинодогу каармандага боору ооруганын айтат:
« Жашоо керемет» деген фильмден кадимкидей эле таасир алдым. Анда майып адамдардын өзүлөрүнүн колунан келбесе дагы, өжөрлөнүп аракет кылышат , а биз болсо баардыгы шарт түзүлүп, колубузда дагы бар болуп турса дагы бизде андай тилек жана аракет жок экен. Мен ошону байкадым» деди
Жогоруда айткандай, кинодо көзү сокурлардын бир күндүк кыйынчылыгы , оор турмушу тартылган. Башкы каармандар Дмитрий Михаилович, анын аялы жана бир кызы, бир баласы болгон. Михаилович №39 гиназияда музыка сабагынан мугалим. Ал эми аялы адамдарга массаж жазап иштейт. Алардын барып келүүсу абдан кыйынчылык туудурат.Дегеле алардын күнү азап мене менен өтөт.
Гузель Эсенканова фильм боюнча өзүнүн жеке ою менен бөлүштү:
« Кинодо сокур үй бүлөнөн жашоосу тартылган . Аларда кыйынчылыктыр туулат экен жана аларга өкмөт тарабынан толугураак жардам берилбейт. Алар башка адамдар сыяктуу көзүм көрбөйт деп калбай, алдыга умтулуп жашашат.Бул кинодон таасирим ден соолугубуз сак болгонго шугур кылып жашаш керек» дейт.
Бул Борбордук Азиядагы адам укугу боюнча жападан жалгыз фестиваль жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кинематографисттерди тартуу менен укуккоргоо чөйрөсүндөгү маселелерди көрүү, талкуулоо үчүн кеңири платформаны сунуштайт.
Эскерте кетсек фильм окуучуларга жаккандыктан ушундай сыяктуу экинчи кино ишемби күнү коюлары күтүлөт.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова