Чүй облусунун Жайыл районунундагы Суусамыр айылында Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде «Жаш-кербез» комузчулар ийрими бар.
Ийримдин ачылганына эки жыл болду. Бул ийримге аталган мектептин башталгыч классынан, 11-классынын окуучуларына чейин катышат. Миргул Бейшебаева комузчулардын устаты. Ал азыркы учурда Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет . Окуучулардын кызыгуусу күчөп,көбүнчө Атай Огомбаевдин,Токтогул Сатылгановдун көптөгөн күүлөрүн үйрөнүштү.
Устаттын айтымында былтыркыга салыштырмалуу быйыл бул ийримге катышкан окуучулардын саны көбөйдү дейт:
“Мен өзүм бала кезимен эле комузга аябай кызыгып, ошол кезде мектепте комуз ийрими бар болчу,ал ийримге 4-классымдан баштап катышып, ошондон бери комуз чертип келе жатам.”Жаш Кербез» комузчулар ийримин 2017-жылы ноябрь айында түзгөнбүз.Ошол кезде 15-20 окуучу катышса,ал эми быйыл балдардын саны 30 га жетип калды.Мектеп окуучуларынын комузга болгон кызыгуусу өтө жакшы, дагы катышам деген окуучулардын саны арбыды. Жакында отчёттук концерт берелик деп жатабыз.Концертке даярдыгыбыз да жакшы. Ал концертте былтыртан бери катышып келе жаткан балдар-кыздар Токтогул Сатылгановдун, Атай Огомбаевдин көптөгөн күүлөрүн чертип беришет. Υйрөнгөн күүлөрубүздүн саны 8-9 күүгө чукулдап калды. Кудай буюрса ошол концертти жакшы денгээлде өтөбүз деген ойдомун.”
Бул ийримге катышкан 8-классынын окуучусу Эсенканова Милана өз ою менен бөлүшүп өттү:
“ Мен комуз ийримине катышканыма бир жылдай болуп калды. Биз комузду үн аркылуу үйрөнөбүз. Эже бизге чертип берет, биз аны карап үйрөнүп алабыз. Эжебиз абдан жакшы биз үчүн ар дайым убактысын бөлүп, комуз үйрөткөндөн тажабайт. Миргүл эже комуз гана чертпестен жакшы ырдайт, дастан айтат, бизге өз акылын айтып, көптөгөн нерселерди үйрөтөт. Миргүл эжеге чон рахмат!
«Жаш Кербез» комуз ийриминин дагы бир катышуучусу 11-класстын окуучусу Жаныбеков Бекжан :
“Мен мурдатан бери эле комуз чертүүгө кызыкчумун, быйыл жылдын башынан бери катышып келем. Азыркы учурда үч күү үйрөнүп калдым. Алар: “Токтогулдун кербези”, “Чон кербез” жана “Кыз кербез” күүсү. Устатыбыз Миргүл эже эң жакшы денгээлде үйрөткөнүнө байланыштуу мен бул күүлөрдү бат эле үйрөнуп кеттим.»-, дейт.
Даярдаган: Акишбек кызы Назима, Индусбекова Айтенир