26-апрелде Суусамыр айылдык Кеңешинин 20 депутаты жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып келишти.
Сапардын негизги максаты Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу жана Суусамыр айылынан чыккан депутаттар менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерди сунуштоо болгон.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов мындай дейт:
“Өз демилгебиз менен барып келели деп, депутаттар чечкенбиз. Бул иш-чара баарыбыз үчүн эле пайдалуу жана таасирдүү болду. Бир нече маселе көтөрүп чыкканга да жетиштик. Мисалы, жазгы айдап- себүүгө үрөн таратуу, мектептердеги эмеректердин абалы, айыл өкмөтүнүн, милициянын жана оорукананын кызматтык унаасынын абалы тууралуу айтылды. Биздин жердештерибиз, ЖКтин депутаттары, Кожобек Рыспаев жана Тынчтыкбек Конушбаев агаларыбыз тосуп алышып жылуу кабыл алышты, маселелерибизди ордунан чечиле тургандарын дароо чечип беришти, аларга терең ыраазычылык билдиребиз.”
Суусамыр айлдык кеңешинин депутаты Нурпаис Турдугулов Ак Үйгө биринчи жолу баргандыгын айтып, сезимдери менен бөлүштү:
“Абдан жакшы сезимдерди калтырды. Жогорку Кеңештин сүрү бар экен, депутаттарыбыз бизди жакшы кабыл алышып, маселелерибизди угушту, жыйынтыктары да болду. Мен үчүн чоң таасир калтырды бул сапар”,- дейт айылдык кеңештин депутаты.
Даярдаган: Анарбек Калдыков