Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды.
Буга чейин Айдатка 12-апрелде космонавтты майрамы менен куттуктап, өзү дагы космонавт болгусу келгенин билдирген катты Салижан Шариповго жолдогон. Бир күндө кийин кат интернетте социалдык тармак аркылуу космонавтка жетип, Айдатка менен видео байланышка чыккан. Салижан Шарипов видео аркылуу иштеген жерин, космос кемелеринин макеттерин, скафандр жана башка космоско тиешелүү буюмдарды Айдаткага көрсөтүп 9-майга карата Бишкек шаарына келерин айтып, жолугууга сөз берген.
Ошентип, 10-майда Бишкек шаарында Айдатка Кадыржа.нова эңсеген баатырына жолугуп, кыялы орундалды. Жолугушууда ал космос тууралуу суроолорду берип, жооп алды. Жолугушуудан кийинки сезимдери жана келечектеги максаттары тууралуу Айдатка айтып берди:
Жолугушуу абдан жакшы отту.Биз “Спутник”деген радиого бардык,ал жак абдан кооз экен.Биз ошол жактан Салижан Шариповго жолуктук.Биз жолукканда Салижан Шариповду кантип билип калганыбызды мамам кененирээк тушундуруп берди.Мен андан космосто кантип уктайсыз деп сурадым.Ал мага “Биз деген космосто укташ кыйын жана ал жакта калкып журо беребиз,кайсыл жакта журсок ошол жакта уктай беребиз”деди.Жана спутниктин макетин,скафандрды жана биринчи космонавттарды айтып берди.Космонавт болуш учун он жыл Москва Университетинде окуш керек экен.Ал мага ыраазычылык кат,озунун суротун автографы менен, планшет жана рюкзак шоколадтары менен берди.Мен жолуккандан кийин ушул Салижан Шариповдой космонавт болгум келип, кубанычтуу сезимде болдум.
Нуркан Бекжанов Айдатканын атасы. Ал кызын космонавт менен жолугушууга алып барды. Кызынын көп нерсеге кызыгып жатканын жана космоско болгон кыялы тууралуу айтып берди:
“Кызым космоско жана космонавт болууга кызыгат. Салижан Шариповду издеп космоско канчанчы жылы барган,канча убакытка барганына кызыгып,издеп тапкан.Жана кат жазып,Салижан Шарипов менен жолугуп келди.Кызым озу кызыгып жатса биз абдан жакшы коз караштабыз.Колдон келген жардамыбызды беребиз,колдойбуз.Кызымды чакырып, шаарга барып жолугуп келдик.Жолугушуу абдан жакшы отту.Озунун кызыккан суроолорун берди.Кызыма атайын белек арнап келиптир.Кызым абдан ыраазы болду жана кыялы орундалды!”
Айдатканын чон апасы Аят Орозалиева, небереси менен чогуу кубанууда. Себеби, кызы жолугушуудан келгенден бери өтө кубанычта болуп, кыялы орундалганын айтты:
“Неберем абдан жакшы кубаныч менен келди.Экообуз кучакташып Салижан Шарипов планшет бергенин айтып,корсотту.Мен дагы кызым учун абдан суйундум.Салижан Шариповго дагы чоон рахмат.Ушинтип чакырып жолугуушу кылганына.Кызым келечекте ологон ой тилектерине жетип,кыргыздын чыгаан кыздарынан болуп,бактылуу кыздардан болсун!”
Айдатка учурда космос тууралуу маалыматтарды көп изилдеп, космонавттар, планеталар тууралуу маалыматтарды жатка билип алган. Мындан ары да, көп окуп, мектепте ийгиликтерге жетишем деген тилеги бар. Космоско учуу үчүн 10 жыл даярдануу керектиги Айдатканы таң калтырган жок, тескерисинче көп нерсени шашпай үйронүшүм керек деген ойдо.
Даярдаган: Назима Акишбекова, Айтенир Индусбекова
Мыкты аудио сынагына