Суусамыр жамааттык радиосунун түз эфиринде Муниципалдык менчик деген эмне жана Суусамыр айылындагы муниципалдык ишкананын иши тууралуу кеңири маек болду.
Студиянын коноктору Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жана “Достук” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Самат Назынбек уулу болушту.
Муниципалдык ишкананын түзүлүү себептери, аны ким көзөмөлдөйт, элге адилеттүү кызмат көрсөтүлүп жатабы деген суроолордун тегерегинде сөз болуп, угармандар тарабынан суроолор да берилди.
Даярдаган: Анарбек Калдыков