20-30-июлда «ММК колдоо борбору» тарабынан “Демократия лагери” аталыштагы тренинг болуп өттү.

Бул лагерге өлкөбүздүн ар тарабынан келген мектеп окуучулары катышып, жалпы 60 окуучу жайкы лагерде билим алышты. «Суусамыр FM» жамааттык радиосунун волонтерлору Акишбекова Назима жана Индусбекова Айтенир Ыссык-Кѳлдүн жээгинде болуп өткөн «Демократия лагерине» ийгиликтүү катышып келишти.
Бул лагерге кантип катышып калгандыгы тууралуу Назима Акишбекова мындай деди:

“Биз бул лагерге Айзада Калканбекованын сунушу аркылуу катышып калдык. Биз кубануу менен макул болуп сынака катышганбыз, анан май айынын аягында жыйынтык чыгып, өтүп кеттик. Лагерге өткөндө аябай сүйүнуп, кубанычым койнума батпай, лагерге бараар күндү чыдамсыздык менен күттүм. Анан бул күн да келди, Ыссык-Көлгө кетип баратып башкача сезимдер пайда болду, аябай толкунданып, кыялданып коюп кетип бараттым. Бул лагер көгүлтүр Ыссык-Көлүбүздүн жээгинде ѳтүп, 10 күн бою эӊ жакшы эс алдык. Ал жакта кызыктуу нерселер абдан көп болду. Бул лагерге бизге окшогон волонтерлор жана мектеп окуучулары барышты.”
Ал эми Айтенир Индусбекова бул лагерден көптөгөн нерселерди үйрөнүп келдик дейт:

“Биз бул “Демократия лагеринде” көптөгөн нерселерди үйрөнѳ алдык. Мисалы, ал жактан досторду таптык, команда менен иштегенди, ойногонду үйрөндүк. Мен мурун китеп окуганга анча деле кызыкчу эмесмин, ал эми бул лагерден келгенден кийин мен 2 китеп окуп бүтүрдүм . Бул дагы чон сабак десем болот. Жана ошондой эле журналистика боюнча да көптөгөн нерселерди үйрөтүштү. Ал жактан түшкө чейин сабак өтүп, ал эми түштөн кийин кечки презинтацияга даярданчуубуз. Бул убактарда да кызыктуу нерселер көп болду. Ар кандай ролдорду ойноп, жанылыктарды жасап жаттык. Мага бул лагер абдан жакты, мен бул лагерден келгенден кийин жакшы жактарга өзгөрдүм деп ойлойм. Андыктан биз лагерден эмнени үйрөнүп келсек анын үйрөтөлү деп жатабыз.”
Бул лагерге катышкан Назиманын атасы Акишбек Сыдыков кызымды ар дайым колдойм деди:
“Мен кызыма ар дайым колдоо көрсөтөм. Менин кызым радиодо иштеп баштагандан бери жакшы жактарга өзгөрдү, радиодон көптөгөн семинарларга барып өзүнө керектуу нерселерди ала алды жана келечектеги мыкты журналист болууга багыт алды десем да болот. Өзү да журналистикага аябай кызыгып жүрөт. Кызыма туртку берген Айзада эжесине да чон рахмат! Андыктан мен кызыма эч качан каршы чыкпайм, кызыма дагы да ийгиликтерди каалайм. Келечекте мыкты журналисттерден болот деп ойлойм. Мен кызым менен сыймыктанам!”

Өлкөнүн келечеги болгон жаштар үчүн буга окшогон тренинг-семинарлардын уюштурулушу эң чоң мотивация берип, келечектерине жол көрсөтөт.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы.