«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясы кандай иш алып барууда?

31 Июль 2018 жыл 12:22
Көрүүлөрдүн саны: 170

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясынын ишмердүүлүгү тууралуу талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы Урмат Алыпсатаров жана мүчөсү Муканбет Койчукеев суроолорго жооп беришип, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. 

Эфирдин жүрүшүндө айыл тургундарынын ой-пикирлери айтылып, агрардык комиссия жакшы иштебей жатат деген сын-пикирлер айтылып, кээ бирлери жакшы иштеп жатат деген ойлорун билдиришти. Андан тышкары Суусамыр айыл аймагындагы жер участоктору менен байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экендигин да баса белгилеп, чечүү жолдорун да айта кетишти.

Даярдаган: Анарбек Калдыков