Бүгүн 12 — сентябрь куну Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим болду. Шайлоого 10-11 класстардын окуучулары талапкерликке койуп, ар бир талапкер өз программалары менен кеңири тааныштырышты.
Талапкерлер өздөрүнүн алдыга койгон максаттарын,пландарын , программаларын кеңири айтып беришти.Ар бир талапкерлердин программалары ар башкача жана кызыктууу болду.
К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин тарбия завучу Абдылдаева Гулмира буларга токтолду:

“Президенттик шайлоону мурун админстрация, уюштуруучу тарабынан шайланып келчү. Быйыл өзгөчө кылып шайлоо түрүндө президентти добуш аркылуу тандадык.Заманга ылайык, балдардын талабына ылайык пезидентти мамлекеттик шайлоодой өткөрдүк. Кадимкидей эле урна койдук. Окуучулардын көзүнчө таза . ачык-айкын өтүү деп айта алам.Талапкердикке койгон окуучулар өздөрүнүн программалары менен тааныштырышып, андан соң президенттик шайлоо болду. Эң жогорку упай менен 37 добуш менен Таалайкелди уулу Алиаскар мектептин президенти болуп шайланды” деди.
Калыстар тобу болуп, 8 ден 11ге чейинки окуучулар талапкерлерди шайлашты.
Ал эми талапкерлигин койгон Жайдарбек кызы Назима мындай деди:

“ Бүгүн 12- сентябрь күнү президенттик талапкерлигимди койгом , баардыгы ойдогудай өттү.Калыстар тобу туура чечим кабыл алышты. Шайлоо дагы ачык айкын өттү десем жаңылышпайм.”
Шайлоонун жеңүүчүсү, Таалайкелди уулу Алиаскар кубанычы менен тең бөлүштү:

“Буюрса баардыгы жогорку деңгээлде өттү. Менин атаандаштарым дагы күчтүү болчу, мен президент болдум буюрса мектептин деңгээлин көтөрөбүз деген ойдобуз, абдан толкунданып жатам” деди.
11-классынын окуучусу Шаршенов Жанат талапкерликке койгон президентти шайлаган.Ал мындай деди:

“ Бул шайлоонун жеңүүчүсу классташым болот,менин оюмча канаатандырлык болду. Мен бул балага ишенем, оюмча мектебибиз эң жакшы жетишкендиктерге жетишет”-дейт
Ошентип, калыстар тобу окуучулардын көзүнчө блютендерди санашып, акырында жеңүүчү аталды.
1-орун Таалайкелди уулу Алиаскар 37 балл менен алдыга чыкты.
2-орун Досумбеков Данияр 34 балл алды.
3-орунду Жайдарбек кызы Назима 28- балл алышты
Даярдаган: Ачыкова Умсунай, Индусбекова Айтеңир