«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылында жаңы футбол аянтчасы курулат.

19 Сентябрь 2018 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны: 198

Суусамыр айылынын Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Бул  саамалык кимди да болсо кубандырбай койбойт ары бери ѳткѳн айыл тургундары курулуп жаткан футбол аянчасын ишке берилерин кутуп турган чактары, айыл тургуну Самат Аргымбаевдин оюн билгенибизде мындай деп жооп берди:

             “Жаңы курулуп жаткан спорт аянтчасы бизге абдан кубанычтуу жаңылык болду десем жаңылышпайм. Анткени бизде мурда футбол аянтчасы жок эле, айылдагы жаш балдарга футбол аянтчасы абдан керек эле, азыр кудай буюрса ошол жаш жеткинчектер учун абдан кубанычтуу жанылык болду десем болот. Кимден-ким  ушул футбол аянтчага ѳзүнүн  салымын кошуп демѳѳрчү болуп берип жатса мен тереӊ ыраазычылыгымды айтаар элем.Биздин эми күткѳнүбүз эртереек бүтүп кетсе биз дагы эл катары келип ойноп, кѳптѳгѳн оюндарды уюштуруп чогу машыгып кетсек жакшы болмок .Бул жаңылык  эл-журтту кубантты деп ойлойм. Мен абдан кубанычтамын”

Бул спорт аянчасынын курулушуна Суусамыр айылдык жергиликтуу кенештин да салымы бар Суусамыр айылынын депутаты Алыпсатаров Урмат ѳз оюн билдирди:

              “Бул спорт аянтчага биз жыл башында бюджеттен беш миллион карап проект менен спорт комплексин алалы деген оюбуз бар болчу, айыл ѳмѳтүнүн бюджетинен тилеке каршы спрот комплекси алынбай калды.Бирок биз чогуу талкуулап, 1-Май айылына жана ошондой эле Суусамыр айылына эки кичи футбол аянтын салалы деп тендер жарыялаган. Ошол тендердик комиссияда биз дагы бар болчубуз жана ошондой эле эки компания катышкан “ЧЫНГЫЗ” жана “НАК СТРОЙ”компаниялары,бул жерден “НАК СТРОЙ”компаниясы утуп, эки жарым миллионго футбол аянтчасын бүтүрүп беребиз дешкен.  Суусамыр айыл ѳкмѳтү бул аянтчаны ѳзүлѳрүнүн бюджетине куруп кѳмѳктѳшүп жатат,ал эми “НАК СТРОЙ”компаниясы болсо иш алып барып жатат.

Бул аянтча тууралуу Суусамыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Отунчиев Урмат билдирди:

“Футбол аянтчасы Суусамыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен  каралган жалпы суммасы эки миллион тогуз жуз мин сомду түзүүдѳ. Бүгүнкү күндѳ биз Суусамыр айыл ѳкмѳтү тарабынан эки кичи футболдук аянтча пландаштырып жатканбыз, биринчиси курулуп баштады. Учурда “НАК СТРОЙ” деген компания утуп алды. Бул аянтча 20-25 сентябрга дейре бүткѳнгѳ пландаштырып жатабыз. Экинчи аянтча 10-сентябрда башталса, октябрдын 10-15 теринде бүтөт деп ишенем. Негизгиси аянтча болот андан кийин алдында машына токтой турчу брусчатка менен тѳшѳлѳт. Түнкүсүн ойногонго да шарт түзүлѳт.”

 

Бул аянтчанын куруучулары мындай деди:

“Кудай буюрса аянтчаны ушул айдын аягында толугу менен  бүтѳбүз деген ой-тилектерибиз бар.Биринчиси фундаменти бутту азыр ичинде засыпкалар салынып жатат туздѳп-тегиздеп бүтүрдүк,  тринашитралар бүтүп, жатат эми сырткы стойка трубалары келсе буюрса эртерээк баштаганга аракет кылабыз.Курулуш учурунда кыйынчылык албетте болот экен.Биринчиси бул климатка байланыштуу, экинчиси куруучулардын  аздыгы.Бурсчатка сырткы агражденияга дагы буюрса куруучуларды алабыз.”                                                                                                                          

Суусамыр айылын кубанычка бѳлѳгѳн футбол аянтчасы жакын арада бүтүп калат деген ойдобуз.

Даярдаган: Назима Аишбекова, Айпери Уланбекова.

      Суусамыр ФМ Футбол аянтча