Суусамырдагы чеке жылытпаган суу калонкалары көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй, жакында ал калонкалар оңдоо иштеринен өткөрүлдү. Бирок ал дагы көңүлгө толоорлук эмес.

Огош апа көп жылдан бери Суусамыр айылында жашайт. Ал пенсионер, анын айтымында Суусамырдагы таза суу калонкалары ремонттон өткөрүлсө дагы суу жарытылуу чыкпай жатат.
“Таза суу маселеси мындай, көчөлөрдө суу жок, кээ бирөөлөр үйлөрүнө киргизип алган. Үйлөрүнөн жыргап алышат, а биз болсо балдарыбыз менен ала албайбыз. Сууну оңдогон эчким жок, эми кыш келатат, кышында кантебиз? Малыбыз бар, аларды сугара албайбыз. Эптеп жылаң аяк, жылаң баш барып алып келебиз. Бул калонкалар оңоло элек кезинде сонун болчу. Сууну колубуз менен тартып алчубуз. Бирок, ооздору ачык болуп, кышында тегерегине муз тоңуп, суу алганда жыгылып кетип жаман эле күндү көрчүбүз. Ичине кичинекей балдар да түшүп кеткен учурлар болгон, эми жасалды деп сүйүнүп жатсак, кайра суу чыкпай калыптыр”

Айыл туругуну Гулзар Сарымсакова калонкалар бузулуп суу чыкпай калган кезинде кошуналары айла жоктон биздин кудуктан суу алып турушчу дейт
“Мурда биздин көчөнүн эң башкы көйгөйү суу маселеси болчу. Кышында тегереги тоңуп калганда чоң коркунучтарды туудурчу. Кээ бир убакта суу чыкпай калып кошуналарыбыз биздин кудуктан суу алып турушчу. Биз буга туура түшүнүү менен карачубуз”

Бул маселени кантип чечсе болот деп Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Алыпсатаров Урматка кайрылдык:
“Калонка маселесин чечүүдө Сыргак деген жигит демөөрчүлүк кылып, арабтар аркылуу калонкаларды оңдоп берем деп сессияда сөз берген. Бир өкүнүчтүү нерсеси жасалган калонкаларга эл ыраазы болбой жатышат. Эми ал бюджеттен акча бөлүнбөгөндөн кийин эч нерсе кыла албайт экенбиз. Эми ал өз деңгээлине жараша калонкаларды оңдоду. Мен бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиевке кайрылганымда, мен ал жигит менен байланыша албай жатам деди. Толук жасайм деп сөз бергенден кийин, элге отчет берип нары же бери кылса болмок”

Калкты кыйла кыйынчылыка кабылткан, талапка төп келбеген таза суу маселеси дагы, көпкө созулганы калды окшойт. Тургундардын айтымында,- тарпы чыккан калонкалар менен эптеп кыштан чыгабыз го дешет.
Суусамыр ФМ радиосу Даярдаган: Назима Акишбекова,