«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылында тургундардын ден-соолугу текшерилүүдө.

27 Ноябрь 2018 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны: 86

Суусамыр айылында бир айдан бери айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери ар бир айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, алардын ден соолугун жана артериялык кан басымын текшерип, анын жыйынтыгына байланыштуу, кээ бир адамдарды ооруканага жиберишүүдө. Бул иш чараны ден соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси Чолпонай Кулсариева уюштуруп, команда менен иш жүргүзүүдѳ.

 

Чолпонай Кулсариева бул иш чара боюнча кененирээк маалымат берип, негизги максаттары менен тааныштырды:

“АДК дегенибиз айылдык ден соолук комитети. Мында он чакты адам иштейбиз. Буларга эч кандай акча төлөнбөйт. Алардын максаты: айыл тургундарынын ден соолугун чыңдап, келген маалыматтарды туура жеткирүү. Бул айыл ичинде артериялык кан басымды текшерүүнүн негизги максаты: кээ бир адамдар давльенасы бийик болсо деле жүрѳ беришет, ошол адамдардын кан басымын текшерип, врачтарга туура  жѳнѳтүү болуп эсептелет. Ал эми кээ бир адамдар “башым ооруп жатат” деп эле жүрѳ беришип, давльенасы бар экенин билишпей, инфарк, инсульт алып калып жатышат. Ошондуктан элдердин давльенасын болтурбоо үчүн биз текшерип, врачтарга жөнөтүп жатабыз. Бул иш чараны негизи 15-сентябрдан бери эле текшерип  келе жатабыз. Биз ар бир үйдү кыдырып, ар бир адам менен саламдашып, ал жайын сурап, 18 жаштан жогорку адамдарды текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгына байланыштуу, кээ бир адамдарды врачтарга жөнөткөнүбүздө, сүйүнүп, бизге абдан ыраазы болушууда.  Бул текшерүүнүн жыйынтыгында 20 адамдын ичинен бир адам давльена болуп, бирок аны өзү билбеген адамдар да кездешип жатат. Биз ал адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, врачтарга жөнөттүк.”

Ал эми Суусамыр айылынын тургуну Токтакан Кушубакова бул иш чара боюнча өз оюн билдирди:

-“Биз ар бирибиз кан басымды текшерүү менен бирге, ден соолугубуз кандай экенин билебиз. Мурунку мезгилде кан басымды тамырды кармап, ошол аркылуу билчи. Ал эми азыр болсо өлкөбүз өнүгүп, аппараттардын түрү чыгып жатат. Ал аппарат менен кан басымыбызды текшертип, өйдө-ылдый экендигин аныктап, дарыланып жатабыз. Менин кан басымым кээде өйдө чыгат, кээде ылдый түшүп кетет. Бүгүнкү күндө кан басымым 120 нормада экен. Буга чейин мен кан басымымды больницага барып, текшертип турчумун.”

Айылдык ден соолук комиссиясынын жетекчиси Чолпонай Кулсариева “алдыдагы пландарыңыздар кандай” деген сурообузга мындай деп жооп берди:

-“Мындан кийинки иш чараларыбыз бул- жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу. Бул жугуштуу эмес ооруларга: көбүнчө инфарк, инсульт, кант диабети, өпкөнүн өнөкөт оорулары кирет. Буларга 4 фактор кирет: физикалык активдүүлүгүнүн начарлыгы, тамеки чегүү, аракты көп ичүү жана туура эмес тамактануу болуп эсептелет. Буларды жойдуртуу биздин башкы милдет.”

Суусамыр ФМ радиосу

Даярдагандар: Назима Акишбекова, Айжан Исатова

      Кан басым текшерилуудо