«Парламент сүйлѳйт» сынагы ѳз жеңүүчүсүн аныктады
20-декабрь «парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Таймаш абдан кызыктуу болуп катышуучулардын мыкты дэӊгээлде даярдангандыгы билинип турду. Ошентсе да мыкты маданият министри аныкталды.
Адаттагыдай эле катышуучулар ѳздѳрүнүн иш пландары менен тааныштырып, 10 суроодон турган тест, логикалык суроолор берилип, ошондой эле ѳз таланттарын кѳргѳзүшөт.
Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Медетбек кызы Аида сынак тууралуу ѳз оюн билдирди:
Негизи эле бул сынак ар дайым калыс ѳтѳт. үчүнчү сезону болуп жатат, башында кетирген катачылыктарды азыр кѳп кетирбегенге аракет кылып жатабыз. Биздин парламент мүчѳлѳр ѳздѳрүнѳ уч жылдык тажырыйба топтоп, ѳздѳрүн ѳздѳрү дайындаганга жетишип калышты. Себеп дегенде мурда биз мугалимдер ѳздѳрүбүз дайындачыбуз, ал эми азыр окуучулар ѳздѳрү дайынданышып, тажрыйба топтоп калгандыгы байкалды. Бүгүн маданият министрлеринин таймашында ѳзүм алып баруучу болгондуктан, маданият министрели, ѳтѳ татыктуу министрлер экен, себеп дегенде ѳз билимдерин абдан мыкты дэңгээлде кѳргѳзѳ алышты. Ошондой эле калыстар тобу дагы калыстуу баалашты деген ойдомун.
Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин он биринчи классынын окуучусу жана маданият министри Мусулманбекова Жибек ѳз оюн билдирди:
Абдан толкунданып жатам. Мектептин тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира эже жана Кулумбаева Айнагүл эже менен даярдандык. Бир ай даярдандым десем болот.
Сынак тез эфирде эки жарым саат болуп, ортосунда музыкалык тыныгуу болду. Жыйынтыгында 1-орунду Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин маданият- маалымат министри, 2-орунду Кадырбек Конушбаев орто мектебинин маданият-маалымат министри, Иманжан Бегимкулов орто мектеби 3-орунга ээ болушту.
Сынактын аягында жеңүүчлѳр ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми белектер менен май айындагы жыйынтыктоочу аземде сыйланышат жана жеңүүчүлѳр КРнын Жогорку Кенешине маалыматтык турга барып келишет.
Даярдаган: Айтеңир Индусбекова