«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырлык Кубаныч Султан уулу 19 жашынан бери көк бөрү ойнойт

29 Январь 2019 жыл 17:51
Көрүүлөрдүн саны: 82

Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет. 

      kubanych-sultan-uulu

Атактуу оюнчу тууралуу маегибизди сунуштайбыз.

Саламатсызбы! Өзүнүздү тааныштырып кетсеңиз?

-Мен Султан уулу Кубаныч, Суусамыр өрөөнүнүн кулуну болом. Азыркы убакта 1-Май айылында жашайм.

-Көк бөрү оюнуна кызыгууңуз эмнеден башталды?

-Айылда жүргөндө бала чагымда эле башталган. Аламан улактарды көрүп, ипподромдогу оюндарды коп көрүп, тай казандарга барып жүрүп кызыгуум артып калды.

Оюнчу болууга ким түрткү берди?

-Буга өзүм эле себепкер болдум го, анткени абдан кызыгып жүрүп эле үйрөнүп ойноп калдым. Ипподромдо ойногон байкелеримди көрүп, анан мен дагы эл алдына чыгып ойносом деп ойлочумун.

-Канча жашыңыздан баштап, эл аралык деңгээлде ойноп калдыңыз?

-19 жашымда, Бишкекте Аккула ат майданында Суусамыр командасынын атынан ойноп, “Эң мыкты оюнчу” деген наамды алгам.

Көк бөрү оюнчусу сиз үчүн кесиппи?

-Кесип дебейм, муну мен өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн ойнойм, азарт мен үчүн. Биринчи Суусамыр командасында ойноп баштагам андан кийин башка командаларда ойноп калдым.

Үй- бүлөңүз кандай көз карашта?

-Атам жана апам башында каршы болушкан, бирок кийинчерээк түшүнүп, бул жолду тандаптырсың деп түшүнүп калышты.

Сиздин оюңузча бул оюндун ден соолукка зыяны жокпу?

-Азырынча зыяны деле жок, балким мен жаш болуп билбей жатамынбы.

Кайсы мамлекеттерге барып оюн көрсөттүңүздөр?

-2017-жылы Казакстанга Астана шаарына бардык, Экспонун алкагында Эл аралык оюн болду, ошондо ойнодук. Кыргызстан ичинде Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда 3 жолу ойнодук.

Келечекте пландарыңыз кандай?

-Келечекте пландар көп, аттарды таптап, инилерибизге акыл-насаат айтып, көк бөрү оюнун үйрөтсөм деген оюм бар. Кыргызстандын оюнчулары Аравия өлкөлөрүнө камданып жатышат, ошого даярдыктар жүрүп жатат.

Социалдык тармактарды колдоносузбу?

-Ооба, инстаграм, вотсапты колдоном. Инстаграмда 2800 катталуучум бар экен.

Маегиңизге рахмат!

Эскерте кетсек, Кубаныч Султан уулу азыр 27 жашта. Быйыл көк бөрү ойногонуна 8 жылдын жүзү болду. Учурда ал Сары Өзөн командасынын оюнчусу.

Даярдаган: Толгонай Самудинова

Сүрөттөр каармандын жеке архивинен алынды