«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр орто мектебинде салтанаттуу тизим болуп ѳттү.

22 Февраль 2019 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 188

 

Суусамыр орто мектебинде салтанаттуу тизим болуп ѳттү.

Суусамыр орто мектеби 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнѳ карата чакаан концерт коюшту. Бул концертке мектеп окуучу кыздары катышып бийлеп, ырдап, каалоо тилектерди айтып, агайларды, окуучу балдарды куттукташты. Ошондой эле ар кандай оюндар уюштурулуп баардыгынын маанайын кѳтѳрүштү.

Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира концерт тууралуу мындай деди:

Бүгүнкү 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнѳ карата коюлган салтанаттуу тизимге бир жума мурун дайынданып баштаганбыз. Кыздарды  5класстан 11 класска чейин алгам, баардыгы 22 кыз  болду. Концерттик программаны түзүп, ар бир кызга пилотка жана галстук тиктирдик. Бийге, -ырга шыктуу кыздар ырдап, бийлеп беришти. Ошондой эле оюндар да уюштурулду.

Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Азизбеков Элдияр да ѳз оюн айтып кетти:

Концерт жогорку деӊгээлде ѳттү. Мурдакыларга салыштырмалуу даярдык абдан жакшы экен. Кыздарга дагы чооӊ ыраазычылыкты билдиребиз.

Суусамыр орто мектебинин мугалими Абдылдаев Улукбек маанайы эӊ жакшы болуп ыраазычылыгын билдирди:

Салтанатту тизим, окуучу кыздардын катышуусу да абдан жакшы болду. Оюндар уюштурулуптур  күтүлбѳгѳн жерден мен да ал оюндарга катышып калдым, абдан маанайымды кѳтѳрүштү. Жакшы дэӊгээлде болду десем жаӊылышпайм.

Суусамыр орто мектебинин 10-классынын окуучусу Уланбекова Айпери ѳз оюу менен бѳлүштү:

Бүгүнкү маанай абдан соонун. Кѳп деген окуучулар абдан талантту экен. Алардын бирин баса белгилей кетсем «Индусбекова Аймээри» абдан жакшы алып барды. Ушунун баарын уюштурган Абдылдабекова Гульмира эжеге да чооӊ рахмат. Ошондой эле жалпы 11-классынын окуучу кыздарына ыраазычылыгымды билдирет элем.

Белгилей кетчү нерсе мектеп окуучу кыздар ар бир агайга ѳз белектерин берип, каалоо тилектерин айтышып, агайларды кубандырышты.

Даярдаган: Айтеӊир Индусбекова