«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

«Парламент сүйлөйт» сынагынын  акыркы финалдык айлампасы болуп ѳттү.

6 Апрель 2019 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны: 303

 

     Суусамыр фм радиосунда болуп жаткан «Парламент сүйлѳйт»  таймашы  финалдык айлампасы  4-апрелде  болуп  ѳттү.  Адаттагыдай  эле  бул  таймаш  беш  мектеп арасындагы  мектеп  ичиндеги  ѳзүн- ѳзү  башкаруу  уюмунун  президенттеринин арасында таймашы болду.

 

    Мурунку  макалабызда  жазылгандай  эле  радио викторинада  иш  пландар,ѳзүн-ѳзү  тааныштыруу, тесттик  жана  аткарган  иш тууралуу  суроолор,эгер  мен  болсом  жана  талантым бар деген кызыктуу  тапшырмалар болду.Таймаш чындыгында эле калыс ,эӊ  негизгиси  адилеттүү ѳттү.

 

    Ар бир эле күч  сынашкан  таймашта  жеӊүүчү  дагы  жеӊилүүчү  дагы болот. Бүгүнкү  таймашта  жеӊүүчү  болуп   Түркмѳн орто мектебинин  10-классынын окуучусу  Кадырбаев  Алымбек  табылды. Ал  ѳз  сезимдери  менен  бѳлүшүп кетти.

 

 «Мен Кадырбаев  Алымбек  Түркмѳн  орто  мектебинин  президенти  болом.Чындыгын айтканда  азыркы  сезимдеримди  сѳз  менен  жеткире  албайм, себеби  сынакка  мен толук  бир ай даярдандым  жана  биринчиден  ата-энеме  мени  даярдаган  Жаныл  эжеме,жалпы  мугалимдер  жамаатына, классташтарыма, жана  колдоп  келген  күйѳрмандарыма  чоӊ  ыраазычылык  билдирем.Таймаш  ѳтѳ  кызуу болду,атаандаштар  да абдан  күчтүү  экен  аны  жыйынтыктан   билсениздер  болот.Ал   атаандаштарынан 0,2   упай  алдыда  болуп  биринчи  орунду  багындырганын  айтты»

 

    Түркмѳн  орто  мектебинин  орус  тил  мугалими   Асанбекова   Жаныл  таймаш  боюнча  ѳз  сѳзүн  айтты.

 

           «Менин  оюмча  бул  парламент  суйлойт  радио  викторинасына  катышуу  бул  ар  бир окуучуга    чоӊ  стимул берет, келечеги   учун  кѳптѳгѳн  жетишүүсүнѳ  чоӊ  бир тепкич  болот деп  ойлойм.Айта  берсек  бул  парламент  ар  кылдуу  болуп  жатпайбы  ар  бир  окуучу  ѳзүнүн  билимин  текшерет,жана  ошондой  эле  таланттарын кѳрсѳтүшѳт  ар  бир  кырын  чыгарат  деп  айта  алам.Бул  таймашка  биз  эки  айдан  ашык , жана  сабактар  бүткѳндѳн  кийин  кечки  6-7ге чейин  даярданган  күндѳр  болду.Окуучумдан  мынчалык   ийгиликти  күткѳн  эмесмин  окуучум  мени  абдан   канаттандырды  баарына  чоӊ  рахмат»-дейт.

 

     Таймаштан  2-орун  алган   Сапарбек  Мырзакматов  атындагы  орто  мектебинин  10-классынын  окуучусу  Амантаева  Каныкей  ѳз  ою  менен  бѳлүштү.

 

      «Мен  Амантаева  Каныкей  С.Мырзакматов   атындагы  орто  мектептен  келдим.Бүгүнкү  таймаш  абдан  кызыктуу  ѳттү,жада  калса  эфир  учурда  окуучулар  ыйлаганга  чейин  барышты.Татыктуусу  жеӊди , таймаш  кызуу  жүрдү  бир  канча  упайлардан  эле  айрыма  болуп  калды.Мага  бул  сынакка  катышууга  маданият  министри  жана  премьер  министр  жардам  беришти.Азыр  биринчилике  жетпей  калдым анча  деле  ичим  ачышкан  жок, себеби  былтыр  жогорку кеӊешке  барып  келгем  татыктуусу  жеӊсин»-дейт.

 

 

      Суусамыр  айылынын  Жайыт  комитетинин  башчысы   Зоодан  Асаналиев  ѳз  ою менен  бѳлүштү.

 

 

        «Бүгүн  ѳзүӊүздѳр  кѳргѳндѳй  Суусамыр  ѳрѳѳнүндѳгү  беш  мектептин  мыкты  деген  президентери  келип  катышышты,албетте  дайардыктары  мыкты  анткени  былыл 3-сезонду  аяктап  атабыз  ушул 3-сезон  ичинде  мурунку   жеӊүүчүлѳр  бар  мисалы;Тунук  орто  мектебиндеги  Авазбек  кызы Айзат  мурда да жеӊүүчү болуп  биринчи орунду  алып  кеткен.1-Майдан   Амантур  да  биринчи  орун  алган  жана    ошондой  эле   Кожомкул  айылынан  Каныкей да  биринчи  орун  алган  кыз.Бүгүн  мыктылардын  мыктысы  таймашышты  десем  жаӊылышпайм.Бүгүнкү  таймаш  ѳтѳ  эле чоӊ  атаандаштыкта  ѳттү .Башка  кишиге  оӊой кѳрүнүшү  мумкун , ушулар  кандай  жооп берип  жатат  баа  бериш ѳтѳ  кыйын.Канчалык  деӊгээлде  кыйын экенин   бул  калыстар  тобу  билет.

 

Даярдаган: Сарымсакова  Гүлзар, Самудинова Толгонай