Суусамыр айылынын Боронбай Чылпаков көчөсүнүн тургундары чогулуп, өз көчөсүнүн аягына спорттук аянт курушат. Ал спорт талаасына балдар аянтчасы, волейбол, футбол оюндарына шарттар түзүлөт.Кооздук үчүн тегерегине бактар тигилет. Бул тууралуу көчө башчысы Касымалиев Бекматжан билдирди: “Балдардын келечеги деп ушул кочонун тургандары чогулуп, биринчи волейбол антчасын жасап жатабыз тегерегине бактар тигилет. Жалпы футбол жана балдар аянтчасы курулат. Каражатын өзубүз чогултуп жатабыз”,-дейт. Карымшаков Ранисбек бала кезинен бери ушул көчөдө жашайт. Анын айтымында мурда балдарга ушундай шарттар жок болгон.Ушул жерлерде “чаңга оонап ойночубуз”,- дейт.
“Мурун бул жер аң-дөң, суу жеп кеткен эч нерсе салынган эмес . Бала кезибизден эле ушул жерде ойночубуз. Азыр ушулардын баарын айыл өкмөтү туздөтүп берди.Түзөп кеткен жерлерин азыр волейбольный поля кылабыз. Андан өйдө жагы балдар аянтчасы болот”. Спорт аянты үчүн балдардын сүймөнчүгүнө айланды. Мектептин окуучусу Абдразаков Максат курулуш бүткөндөн кийин, бул жер кооз болуп көңүл ачуу жерге айланарын белгиледи.
“Бул иш-чара мага жагып жатат. Бактар тигилип жатканынын себеби кооздук үчүн жана балдар келип көңүл ачып кетүүлөрү үчүн, биз бул жерди бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”. Айыл тургундарынын айтымында акча каражатын өздөрү чогултуп барын өз күчтөрү менен куруп бүтүшөт.Ал эми спорт талаасын куруу үчүн Суусамыр айыл өкмөтү жер бөлүп берип ойдуң жерлерин түздөтүп берген.
Даярдаган: Сарымсакова Гүлзар.