«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырдын студенттеринен пайдалуу тренинг

27 Апрель 2019 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 78

23-апрель күнү Суусамыр айылынын 2017-2018-окуу жылдын студенттери атайын бүтүрүүчү чоӊ класстар үчүн кызыктуу, пайдалуу тренинг ѳтүп кетишти. Тренинге 5 мектептин студенттери келип, 5 студент азыркы учурда ѳздѳрү окуп жаткан университеттердин  артыкчылыктарын, факультеттердин бѳлүнүшүн жана башка ушул сыяктуу суроолорго кененирээк жооп беришти. Андан тышкары Кожомкул айылынын мугалими «Акыл Ордо» реалити долбоорунун негиздѳѳчүсү Аида Медетбек кызы окуучуларга мотивация берүүчү тренинг ѳттү.

Тренинг тууралуу Аида Медетбек кызы буларга токтолду:

«Тренингдин ѳзѳгү фонду түзүү идеясынан келип чыккан. Ноябрь айында демѳѳрчүбүз Тынчтык Кадырбекович фонд түзүп,каржылап берем деген максатта, Суусамыр жаштарын чогултуп,бир форум ѳткѳн. Ошондо мен бир демилге кѳтѳрүп чыгып, билим берүү тармагынан баштайлык дедим. Ал эми бүгүнкү тренинг ѳткѳргѳнгѳ 5 студент чалышып,окуучуларга тренинг ѳтѳт элек деп айтышып, биз дароо эле колдодук. Агайыбыз болсо  демѳѳрчүлүк кылып берди. Ал эми биздин максат болсо, алыскы аймак жана тоолуу айыл болгондуктан, кѳп маалымат жетпей калат. Бул студенттер дагы айтууда анткени шаарга барганда кайсы университтерге барганда кантип тапшыраарыбызды билбей эле барганбыз деп. Буга чейин Кызыл Ой, Кожомкул жана 1-май айылдрына барп ѳтүп келдик, аз окуучу болсо дагы  дагы абдан жакшы кабыл алышты, кѳп маалыматтарды алдык деп ыраазычылыктарын билдиришти»-дейт ал

Тренинг учурунда окуучуларга кызыктыруу үчүн логикалык суроолор берилип, туура жооп бергендерге китеп, блакнот берилип жатты.

Ал эми тренингдин уюштуруучусу КМЮА университинин 1-курсунун студенти Жаныбеков Бекжан мындай дейт:

« Бул идея күзүндѳ Жогорку Кеӊешинин депутаты Конушбаев Тынчтык агай атайын Суусамыр жаштарын  чакырып, чай үчтүндѳ сүйлѳшүүлѳр болгон. Ошондо жаштардын арасында,тренинг ѳтүп келсек, жогорку окуу жайларды тааныштырып келсек деген пикирлер болгон . Андан соӊ Тынчтык агай бошобой калганына байланыштуу ал коом  токтоп калган, бирок коом токтосо да жаштар токтобостон, мен алгач сунушумду  Сталбек кызы Римага  кириздим, ошентип отуруп студенттерди чогулттук.  Айылга келгенибизге Тынчтык Кадырбековичтин дагы жардамы чоӊ, себеби бул жака жѳн эле келбестен пайдалуу жана мотивация берүүчү китептерди алып берди.  Эми бул коом токтоп калбастан, эмдиги  жылы дагы мындан дагы кѳбүрѳѳк болуп, мектептерди кыдырабыз деген пландар бар»

Ошол эле тренингдин уюштуруучусу КТУ университинин 1-курсунун студенти Сталбек кызы Рима бул жѳнүндѳ мындай дейт:

«Биздин тренингдин максаты ѳрѳѳнүбүз алыс жайгашкандыктан, окуучуларга университеттер тууралуу  ар кандай маалыматтар кеч жетип калгандыктан, ушул маселени кѳтѳрүп , маалымат жеткирели деген максатта 5 университеттин студенттери чогулуп тренинг ѳтүүнү туура кѳрдүк»-деди

Ал эми тренингдин катышуучусу Меделбекова Нуржан ѳз оюн айтты:

« Бул тренинг абдан пайдалуу маалыматтарды берди. Бизге факультеттердин санын айтып, ошонун арасынан мага жаккан кѳркѳм ѳнѳр факультети бар экен. Буюрса мен ата – энем менен Манас университин ойлонуп короюн дедим» деген ойдо

Тренинг 1,5 саатка созулуп, окуучуларга абдан жакты. Алар тренинг ѳткѳн студенттерге ыраазычылыктарын айтып кетишти.

Даярдаган: Умсунай Ачыкова