«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: “Улуу Орозо айт” майрамы

5 Июнь 2019 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны: 227

Бүгүн 5-июнь дүйнөдөгү мусулман элдери орозо айт майрамын белгилөөдө. Орозо айт — өз ара элдешүүнүн, кечиримдин, бейпилдиктин, аруулануунун майрамы жана мусулмандардын өткөн чактагы араздашууну, түшүнбөөчүлүктү, капачылыкты унутуп, өз ара элдешүүсүнүн кезеңи.

Бул күндү Суусамыр эли да шаң менен майрамдоодо. Алгач тан эрте саат 7:30да Суусамыр жергесинин борбордук мечитинде салтанаттуу  “Айт-намазы” окулду. Намаздан кийин куттуктоолор айтылып, айт майрамы башталды.

  

Улуу майрамда айыл эли дүр-дүйүм тамак-аш коюлган дасторкон жайып, айттап келгендерди жылуу маанайда тосушту.

Айыл тургундары, бүткүл мусулман элдерин “Улуу Орозо Айт” майрамы менен куттуктады:

Канымбүбү Исакова, 1-май айылынын тургуну:

“Айт майрамы баарыбыз жыл сайын күткөн майрамдардын бири. Мына, 30 күндүк орозо бүтүп, айылдагы кичинекей балдардан тартып, туугандарга, кошуналарга айттап жүрөбүз. Бүгүнкү айт майрамы жалпы кыргыз элине, Суусамыр жергесине токчулукту, жакшылыкты алып келсин. Элибизде тынчтык болуп рамазан айы жакшы айлардан болсун.”

Үркүнчиев Кошой, 1-май айылынын тургуну:

“Бүгүнкү айт майрамы абдан жагып жатат. Бул илгертеден келе жаткан майрам болуп саналат. Жалпы кыргыз элин куттуктайм. Көпчүлүк эл жакшы маанайда. Жакшы шартта майрамдап жатышат. Кут болсун!”

Дагы бир ирет айтыныздар маарек болуп, туткан орозоңуздар кабыл болсун. Ар бир агарып аткан таң бакыт, береке алып келсин!

      Suusamyrda-orozo-ajt-majramdaldymp3

Даярдаган: Толгонай Самудинова, Зыйнат Самарбек кызы