Бүгүн 7-июнь саат 9:00до Суусамыр айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 28-кезексиз сессиясы болду.
Алгач эле мурдагы өткөн сессияда каралган маселелер туурасында Айыл Өкмөтү Отунчиев Урмат Шайлообекович тарабынан отчет берилди. Отчетто “Достук” муниципалдык ишканасы, жаны курулуп бүткөн футбол аянтчалардын иштөө тартиби, айылды жарыктандыруу боюнча ж.б меселелер туурасында айтылды. Андан тышкары айыл өкмөт Суусамыр айылындагы тынчтык көчөсүн асфальтоо, Кожомкул айылынын башталгыч мектебин ремонттон өткөрүү жана Тунук айылына фап салуу боюнча долбоор уюштурулуп, азыркы күндө Кожомкул айылынын башталгыч мектебинин куруу иштери туурасында келишим түзүлгөндүгүн айтты.
Андан соң сессия отуруму башталып, кун тартибиндеги маселелер каралды.
Эң негизги маселе катары ОсОО “Элко-сервис”Лимитед” компаниясынын Суусамыр айыл өкмөтүнө кайрылуусу каралган, бирок бул компаниянын өкүлдөрү белгилүү бир себептерден улам сессияга келишкен жок.
Андан кийинки сөз Суусамыр айыл өкмөтүнүн беш айда киреше булагынан пландан ашык түшкөн акча каражатына смета кароо туралуу болду. Бул туурасында башкы бухгалтер Эльмира Такырбашева жергиликтүү депутаттардын суроосуна жооп берип, өзүнүн отчетун берди.
3-маселе Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу болду. Маселеде айыл өкмөтү ар бир айылды кыдырып эл менен баарлашкандыгын айтып, демөөрчү болом деген адамдардын атын атады. Ал эми тойдун кайсы убакта , кайсы жерде, кандай форматта андан тышкары кандай оюн-зооктор болоору туурасында такталып, чечилгенден кийин калкка официалдуу түрдө жарыя кылынаарын белгиледи.
Сессиянын акырында жергиликтүү кенештин депуттаттары тарабынан күндүн ар кандай маселелри каралып, айыл өкмөтү менен биргеликте сөз болду. Ар кандай маселелерде жайыт комитетинин иши, таза суу меселеси ж.б туурасында соз болду.
Даярдаган :Зыйнат Самар кызы