«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырга кар жаап, шамалдын кесепетинен бак дарактар кулады

10 Июнь 2019 жыл 14:09
Көрүүлөрдүн саны: 105

2019-жыл 8-июнь күнү Суусамыр өрөөнүндө аба ырайы бузулуп, кар жаап, айыл тургундарын ыңгайсыз абалда калтырды. Электр зымдары аварияга учурап, интернет байланышына тоскоолдук жаратты.

Айыл тургуну Ислам Сулайманов көптөн бери мындай аба ырайы болбогондугун айтты:

“Эртен менен абдан катуу шамал болду, анын кесепетинен  үйдүн чатырлары учуп, бак-дарактар кулаганга чейин барды.  Кечке маал кар жаады, болжол менен 5 см. Бирок айыл тургундарынан эч ким жабыркаган жок. Биз балдар менен  үйдө болдук.”

Эртеси күнү жааган кар ээрип, ал айылдагы суунун көтөүлүшүнө алып келген.

Азыркы учурда Суусамыр өрөнүндө аба ырайы туруктуу.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы