«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Насыя алуучунун укуктары жана милдеттери

25 Июнь 2019 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны: 154

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде “Демократия сааты” долборрунун алкагында уюшулуп жаткан “Насыя алуучунун укуктары жана милдеттери”  деген теманын алкагында талкуу уюштурулду. Эфирдин коногу  Кыргызстандагы “Компаньон” банкынын Суусамыр сактык кассасынын жетекчиси Жылдыз Бердикожоева менен  насыя алуудагы эрежелер, укук-милдеттер туурасында сөз болду.

Атайын теманын үстүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодо айыл тургундары “Ооба, өз укук милдетибизди жакшы билебиз.”-, деп жооп бергендери менен, милдетин так аткарбай, ар кандай кыйынчылыктарды жараткан дагы кардарлар болоорун Жылдыз айым айтты.

Андан тышкары Жылдыз Бердикожоева эгер кардарлардын укугу бузулса кайда, кимге кайрылыш керектиги туурасында да маалымат берди.

      Nasyya-aluuchunun-ukuktary-zhana-mildetteri

Даярдаган : Зыйнат Самар кызы