Такси кызматкерлери десе эле жумушу жеңил адамдарды элестетебиз. Бирок жөнөкөй эле эл ташуунун аркасында кандай кыйынчылыктар бар экендигин, 20 жылга жакын таксист болуп иштеген, мына ушул Суусамыр жергесиндеги такси кызматкерлеринин атайын уюмунун башчысы Аралбек Айдарбеков Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде айтып берди.
“Эл ташып иштөөдө деле кыйынчылыктар бар. Мисалы жоопкерчилик көп десем болот. Канча адам салып баратсаң ошончо адамдын, өмүрү сенин колуңда. Биз Суусамырдан Кара Балта шаарына эл ташыйбыз. Кээ бирде киши жок болуп, Кара Балтага 2-3 күндөп калып калган учурлар болот. Жай мезгилин сезон деп айтсак болот, ал эми кышында кардарлар аз болот. ”,-дейт Аралбек мырза.
Андан тышкары Суусамырдагы такси кызматкерлеринин атайын уюму бар. Уюм 2015-жылы түзүлүп, Аралбек мырза мына ошол уюмдун башчысы болуп иштейт.
“Бул уюмдун атайын шарттары, эрежелери бар. Мисалы кезектешип иштөө, бири-бирибизге жардам берүү сыяктуу. Бизде атайын орток фонд деген бар. Уюмдун ичиндеги бардык кызматкерлер ай сайын 200 сом өлчөмүндөгү акча салып турат элек. Ал акчаны ар кандай кайрымдуулук иштерине жумшап же болбосо таксисттерден кимдин унаасы бузулуп калса мына ошолорго жардам берет элек. Биздин бирден бир максатыбыз ушул деп айтсак да болот. Кайрымдуулук иштери болгондо кандай, ооруп жардам сурап кайрылган жердештерибизге, же кандайдыр бир мелдештердин байгесине өз салымыбзыды кошуп келгенбиз. Бирок 2 жылдан бери мындай иштерди жасай албай калдык. Себеби биз патент менен иштеп, ал акчаны салык катары төгүп жатабыз. Бирок биз төккөн акча кайра эле Суусамыр айыл өкмөтүнө кайрылып келет экен. ”,-деди ал.
Эфирдин жүрүшүндө Аралбек мырза жол кире акысын ким чектейт жана кайрымдуулук иштер туурасында айтып берди.
Маектешкен:Зыйнат Самар кызы