«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр  өрөөнүнө көчмө мобилдик клиника келип кызмат кылууда.

10 Июль 2019 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны: 120

Суусамыр  өрөөнүнө көчмө мобилдик клиника келип кызмат кылууда.

Бул тууралуу көчмө мобилдик клиниканын жетекчиси Бурул Караталовна Суусамыр FM радиосунда түз эфирде билдирди. Өз сөзүндө ал, көчмө мобилдик клиника деген эмне, кандай иштерди жасайт, канча адам эмгектенет туурасында айтып өттү.

Көчмө мобилдик клитника- Россия федерациясы тарабынан каржыланат. Кыргызстанда иштеп жатканына 5 жылдын жүзү болду. Клиника өлкөдөгү алыскы, дарыгерлер жетишисиз болгон аймактарга барып, ооруларды алдын алуу иштерин жасап, профилактика жүргүзөт. Эскерте кетсек көчмө мобилдик клинкасынын кызматтары, дарыгерге көрүнүү жолу, кеңеш алуу бардыгы акысыз.

Суусамыр өрөөнүндө 11 күн бою гинеколог, терапевт(үй-бүлөөлүк дарыгер), мед айым  кызмат көрсөтүшөт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы