«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Жергиликтүү кеңеште аялдарга 30% квота берүү маанилүүбү

15 Август 2019 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны: 88

Учурда Кыргызстандын саясий айдыңындагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп, саясатта аялдардын аздыгы болуп турат. Кыргызстандагы Мамлекеттик башкаруу  органдарында гендердик тенчилик сакталып, бирок 30 пайыз айымдар же эркектер иштесин деген нормалар сакталбай жаткандыгы айтылып келет. Мындан улам шайлоо мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары берилген. Документте жергиликтүү кеңештеги аялдарга 30 пайыздык квота берүү жана башка өзгөртүүлөр камтылган. Ага мониторинг жүргүзүү үчүн президенттик аппараттын жетекчиси  Досалы Эсеналиев баштаган атайын жумушчу топ да түзүлүп, 13-августта президент  Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамга кол койгон.

Суусамыр айылындагы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов аялдардын депутаттыкка келишин колдойт. Бул тууралуу ал “Демократия сааты”  долбоорунун кезектеги, “Жергиликтүү кеңеште аялдарга 30% квота  берүү маанилүүбү” деген темадагы чыгарылышында билдирди.

Студиянын коноктору Нурдасан Кулматов жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн статист-экономист кызматкери Рима Иманкулова айымдардын ар кандай башкаруу органдарында иш алып барабагандыгы кандай көйгөйлөрдү жаратаарын айтып берип, Суусамыр жергиликтүү кеңеши айымдарга муктаж экендигин баса белгилешти.

Суусамыр айыл тургундарынын да ою четте калбай, алардан чогултулган сурамжылоодо көпчүлүгү бул мыйзамды колдоорун билдиришсе, арасында аял киши үйдө отурушу керек деген да мырзалар болду.

Эфирди толук түрдө, бүгүн саат 18:30да Суусамыр FM радиосунан уга аласыздар!