«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери айлык акы албай иштешет

19 Август 2019 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны: 132

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде, “Демократия сааты” долбоорунун кезектеги чыгарылышында “ Суусамыр айылдык ден соолукту чыңдоо комитетинин” ишмердүүлүгү талкууланды.

Студияда аталган комитеттин жетекчиси Чолпон Кулсариева жана мүчөсү Сейиткүл Сайдининова конокто болуп, суроолорго жооп берди. Талкууда комитеттин жасаган иштери, андапгы кызматкерлер жана структурасы туурасында сөз болду.

Эфирдин кайталоосун бүгүн саат 18:30 да Суусамыр FM радиосунан уга аласыздар!

Маектешкен: Зыйнат Самар кызы