«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылынын 1 чакырым жолу асфальттанат

21 Август 2019 жыл 10:51
Көрүүлөрдүн саны: 122

Суусамыр айылындагы борбордук Тынчтык көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлүүдө.

   

Бул туурасында Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысыс Урмат Отунчиев билдирди.

“Бул маселеге Суусамыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 4млн 121миң сом бөлүнгөн. Бирок тилекке каршы жолдун узундугуна байланыштуу акча каражаты жетишсиз болуп, 500миң  сом тегерегинде Тынчтык Конушбаев демөөрчүлүк кылды. Азыркы күндө Кара-Балта шаарындагы тажрыйбалуу ОАО “СУ-4” компаниясы менен келишим түзүлүп, иш жүрүп жатат.”

Жалпысынан 1км жолго 5130кв асфалт төшөлүп, 3-4 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы