Суусамыр өрөөнүндөгү Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинен 5-6-класстын кыргыз-тили жана математика предметтери боюнча жаңы китептер тапшырылган. Бирок китептерде офографиялык каталар өтө көп кетирилген.
Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Элнура Койчукеева төмөндөгүлөрдү айтты:
«Бизге билим берүү министрлигинен бул китептер келгенден кийин, ичинде каталар кетирилгендигин айтып жана аны оңдоо үчүн тапшырма беришти. Биз ар бир китепти текшерип, ката кетирген жерлерди белгилеп райондук билим берүү администиациясына жөнөттүк, алардан кайра бизге атайын чип жөнөтүлүп, китептердин акыркы бетине чаптадык. Элементардуу ар бир көнүгүүдө 2-3төн орфографиялык каталар болду. Мугалимдерге кошумча жумуш болуп, оорчулук алып келди. Ушундай нерселерди бизге тапшырма бербей эле, министрлик өзү көзөмөлдөп, жоопкерчиликтүү мамиле кылса жакшы болмок. »
(Оңдолгон каталар ушундай түрдө, ар бир китептин акыркы бетине чапталган)