«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Кожомкул айылында көчөлөр жарыктандырылууда

19 Сентябрь 2019 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 167

Кожомкул айылында көчөлөрдү жарыктандыруу иши башталды.

Бул тууралуу Кожомкул айылынын айыл башчысы Мураталиев Бакыт Мойдинович:
«Жарыктандыруу иши боюнча жалпысынан бюджеттен 160миң тегерегиндеги акча бөлдүрүп,тендерден утуп алганбыз.Тагыраагы 42 даана жарыктандыруу аппараты *(прожектор)* келди.Бул иш негизинен Кожомкул атабыздын 130 жылдыгына чейин бутурулушу керек эле.Тилекке каршы кандайдыр бир себептер менен ишке кирише албай калдык.Кудай буйруса 3 күн аралыгында иш соңуна чыгып калат»-деп билдирди.

Даярдаган: Айпери Бакталбек кызы