Суусамырда кийимдин түрлөрүн тигип чыгаруучу цех ачылып иштеп жатат.
Жетекчиси Тиленбаева Айша Суусамыр айылынын тургуну. Бул кийим тигүүчү жайды кандай максатта ачкандыгы тууралу айтып берди:
«Биз бул ишкананы Суусамыр айыл тургундары жакшы бир жумуш менен камсыз болсун деген максатта ачтык.Азыр буюрса иш жакшы жүрүп жатат. Бул жерде азыр 10 кийим тигүүчү машинка оберлогу, птиниткасы менен бар. Иштей турган айымдар азыр жетишсиз.Биз азыр 3,6- класста окуган курактагы балдарга кышкы куртка тигип жатабыз, бул буйрутма атайын Москва шаарынан келген жана кайра түз ошол жака жөнөтөбүз. Айта кетчу нерсе жумушчулар ар бир ишемби сайын айлык акы алышат. Баардыгы мурда иштеген, тажрыйбалуу айыл тургундары.»
Бул ишканага азыр жумушчулар жетишсиз, тажрыйбасы бар айымдар жумушка алынат.
Даярдаган: Назима Акишбекова
Гулзар Сарымсакова