«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловко 100 жыл

10 Ноябрь 2019 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 153

Суусамыр өрөөнүндө 8-ноябрда СССРдин эл агартуусунун отличниги, согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловдун 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Бул иш чара мамлекет тарабынан колдоого алынып, Чуй облусунун губернатору Максат Эркебекович, Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Каналбекович катышты. Андан тышкары »Кут билим»гезитинин башкы редактору да бул салтанаттуу жыйында сөз сүйлөдү. Иманжан Бегимкулов атындагы Тунук орто мектебинин окуучуларынын аткаруусунда чакан концерттик программа көргөзүлдү.

Иманжан Бегимкулов тууралуу кыскача кино тартылгандыгы жана китеп басылып чыккандыгы белгиленди.

Даярдаган:Талайбекова Перизат.
Аманкулов Айжаркын.