Суусамыр өрөөнүнүн депутаттарына жана айылдын активдүү тургундарына (айымдар, мырзалар) гендердик теңчилик, зордук-зомбулукту алдын алуу туурасында семинар өткөрүлдү.

Семинарда тренер катышуучуларга аялдар үчүн 30 пайыз жеңилдик, үй бүлөөдөгү аялдардын коргоо ордери тууралуу түшүндүрүү иштерин жасады. Катышуучулар гендердик теңчилик темасында бир жылдык иш план түзүп чыгышты.


Арасында жергиликтүү кеңешке талапкерлигимди сөзсүз коем деген айымдар болду. Аларды жергликтүү мырзалар да колдоорун билдиришти.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы