«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Эс алууну билбеген метеорологдор

16 Январь 2020 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны: 155

Даниил Сапышев 30 жылдан ашуун убакыттан бери Суусамыр метеостанция бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Ал жетектеген метеостанциянын кызматкерлери абанын кубулушун, абанын өзгөрүшүн текшерип, 24 саат боюу тынымсыз иштешет. Мекемедеги 6 кызматкер, 3 саат аралыкта топтолгон маалыматты кыргыз гидромет кызматына жөнөтүп турушат.

Эң кызыгы аларда майрам күн, дем алыш күн деген түшүнүк жок. Мындан улам метеорологдордун жумушунун оррдугун билсек болот.

Даниил мырза Суусамырдагы абанын туруктуулугу тууралуу айтып жатып, адамзатынын жаратылышка кылган мамилесине кейиди. Технологиянын өнүгүшү, завод-фабриканын көбөйүшү абанын бузулушуна чоң таасир берип жаткандыгын айтты. Мурда Суусамырда аба ырайы өтө суук болгон болсо, азыр алда канча жылуулук кылат деди.

Метеостанция жакынкы күнү жаңы жабдуулар менен камсыз болушу планда бар.

Маектешкен: Зыйнат Самар кызы