Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кийим кечээ таратылып, жардам көрсөтүлдү.

Жалпы эки жүздөн ашык үй бүлөө, ар бири 10 каптан көмүр менен камсыз болду.

Нургүл Алияскарова да 5 жылдан бери ушул кайрымдуулук фондтон жардам алат. Кыш мезгилинде, көмүр кымбаттаган учурда чоң жардам болот дейт.

Мындай жардам айыл тургундарына жыл сайын көрсөтүлөт.