«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Бир адамдан бир китеп, максатына окуп жет

3 Март 2020 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны: 160

22-февраль, Кожомкул айылында айтылуу «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында айылдык китепкананын ачылышы аземи болду. Алгач чакан иш-чара менен башталып, жетекчилер тарабынан сөз сүйлөндү. Андан тышкары долбоорго активдүү катышкан жана салым кошкон инсандарга ыраазычылык кат тапшырылып, жаш жазуучу Алманбет уулу Нуржигиттен чакан китептер белекке берилди.



Долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков:
«Бир адамдан бир китеп долбоорунун алкагында Суусамыр өрөөнүнө биринчи жолу келип жатам.Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өттү.Айылдын өзгөчөлүгү китеп окууга,ар бир сөздү кунт коюп угууга талабы аябагандай күчтүү экен.Тургундардын китепке көңүл бөлүүсүнө, алдыңкы «Китепкөй айыл» болооруна чоң үмүттөмүн»-деп билдирди.

Салтанат китепкананын лента кесүү аземи менен жыйынтыкталды.
Бул долбоор муну менен токтоп калбайт. Астыда МЖС, Тунук, Кызыл-Ой айылдарына да китептер тапшырылат.

Даярдагандар: Амантаева Каныкей
Бакталбек кызы Айпери