Суусамыр айылында орозо айт намазына чогулганга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев билдирди.

Орозо айт намазы 2019-жыл, Суусамыр айылы
“Бул жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттөн эч кандай эл чогулуулар болбосун деген буйрук түштү. Өзгөчө абал алынса да эл көп чогула турган жерлер, иш-чаралар болбоосу керек. Ар бири айт намазына үйдөн жыгылат.”

Сол тарапта Суусамыр айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев Суусамыр FM радиосунда
Айыл өкмөт башчы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты да өтпөй тургандыгын белгиледи.Салтанаттын ордуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрилиги менен “ЭлТР” МТРКсынын Билим илим каналы биргеликте 2020-жылдын 30-май күнү “Бүтүрүүчү-2020” иш-чарасын өткөрөт. Анда республикадагы ар бир районго жана шаарга 15 минутадан ашпаган видео материалга мүмкүндүк берилген. Видео материалдын мазмунунда райондогу же шаардагы бул окуу жылында жетишилген ийгиликтер, бүтүрүүчүлөр жөнүндө статистикалык маалымат, алдыңкы бүтүрүүчү окуучулардын жана эже-агайлардын, кадырлуу инсандардын, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн куттуктоолору, таланттуу окуучулардын музыкалык номерлери, ийримдердин катышуучуларынын иновациялык жана спорттук жетишкендиктери камтылган.
Айпери Бакталбекова быйыл 11-классты аяктайт. Ал Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин бүтрүүчүсү:

Айпери Бакталбекова, бүтүрүүчү
“Биз классташтарыбыз, эжебиз менен чоң салтанат уюштурабыз деген пландарыбыз бар эле. Тилекке каршы минтип онлайн өтө турган болуп калды. Көп убактыбыз презентация жасаганга эле кетип жатты. Бирок экзамендерден бошотулдук, мурдагы билим денгээлибизге карап баа чыгарышат.”
Бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз! Орозоңуздар кабыл болсун!
Зыйнат Самар кызы