«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамырда балдар үчүн оюн аянтчасы курулду

25 Июнь 2020 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны: 148

Суусамыр өрөөнүнүн 1-май айылынын 1983- жылы төрөлгөн 20 жылдык бутүрүүчүлөрү Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебине, балдар үчүн атайын оюн аянтчасын курушту.

Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебиндеги балдар оюн аянтчасы

 

Бул тууралуу мектеп директору, уюштуруучу топтун мүчөсү  Кыялбек Белеков мындай деди:

“Буга чейин дагы айтып кеткем, мурунку эски мектептин ордун түрттүргөнбүз. Дал ошол жакка балдар үчүн оюн аянтчасын курдук. Бирок ушул оор илдетке байланыштуу айыл өкмөттөн жардам ала элекпиз. Бирок 20 жылдыктардын арасында мен да бармын. Ошолордун өздүк каражатынан курулду. 7 бала 10 миң сомдон 70 миң сом чогулду. Бул куруунун максаты, биздин убак, союз тараган убак жаман учурга туш келди, оюн аянтчасын, муз дегендерди көрбөй өстүк, качан шаарга барганда көрдүк, бирок анда чоңоюп кетиптирбиз, анда тепкенге болбой калды. Ошол нерсени ойлонуп жүргөм, классташ балдарыма айтсам колдоп беришти. Көп ойлондук, доска алып берсекпи же компьютер алып берсекпи деген ойлор болду. Жыйынтыгында ушул чечимге келдик. Туура нерсени кабыл алганыбызды билдик, себеби жазалып бүтөөрү менен ойноп башташты. Бул жерде сегиз оюн аянтчасы бар, мисалы селкинчек жана башкалар. Бул менен бүтпөйт менин оюмча, эгер айыл өкмөт колдосо, акча каражат бөлүп берсе, 1-2 жыл ичинде стандарттык балдар аянтчасы курулат, кум төгүлөт жана көп нерсе кошобуз.  Жакынкы убакта ачылышы болот, аттуу-баштуу кишилерден чакырып, айыл элин чакырып, балдарды чакырып, атайын салтанаттуу ачылыш жасайбыз деген ой бар. Тилекке каршы карантинге байланыштуу, так күнүн айта албайм.”

1-май айылынын тургуну Эльнура Адылбек кызы бул тууралуу өз оюн айтып өттү:

Элнура Адылбек кызы

«Быйыл, мектепти 20 жыл мурун бүтүрүп кеткендердин демөөрчүлүгү менен ушундай оюн аянтчасы курулуптур. Биринчиден аларга ден-соолук каалайм. Экинчиден балдар үчүн абдан жакшы болду, анткени өзүмдүн балдарым дагы барып ойноп жатышат, барып көӊүлдөрүн көтөрүшүп, бизге да айтып берип жатышат. Сүрөттөрдөн көрүп жатам. Демөөрчүлөргө чоӊ ыраазычылык.»

Келечек жаштардын колунда демекчи, жаш муундарга мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен биргеликте, келечеккке дагы кам көрүлүп жатат.

1- Май айылынын окуучулары 6 чакырым жөө келип окушат.

Толгонай Самудинова