Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин башталгыч корпусунун оңдоо иштери май айынын аягынан бери уланууда. Бул мектеп эски мектеп болгондуктан көп жылдан бери ремонттон өткөн эмес жана абалы начар болгон.
Кененирээк мектеп мүдүрү Жылдыз Бектурганова мындай деди:
Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин жетекчиси Жылдыз Бектурганова
Оңдоо иштери жүрүп жаткан мектептин сырткы көрүнүшү
«Бул корпуста 1969-жылдан бери бир дагы жолу оңдоо иши болгон эмес экен. Былтыр АРИС проектиси аркылуу ишке ашты. Ремонт иши негизи 2019-жылы башталмак, бирок шартка байланыштуу жаз айына жылдырылган. Албетте, мурунку абалына караганда бир топ өзгөрүүлөр, аны менен катар кыйынчылыктар да болду. Алгачкы проектиси түзүлгөндө мектептин чатыры, терезеси жана полу гана оңдолмок. Бирок биз бардык абалы жараксыз деп кайрадан кайрылып, толугу менен оңдотууга кириштик. Оңдотуу ишине жалпы жонунан 2 млн 350миң сом керектелди. Окуучулардын билим алуусуна жаңы жасалгалоо таасирин тийгизет деген ойдомун . Дегеним, окуучулардын окуган жери жарык, жылуу, акыркы үлгүдөгү евростандарттык класстар алардын билим алуусуна эң сонун шарт түзөт. Кудай буйруса, жаңы окуу жылына мектебибиздин эшиги ачык.»
Мектептин ички ондоо иштерине сапаттуу материалдар гана колдонулган
Буга улай эле оңдоо иштерине катышкан Алмаз Сапарбеков төмөнкүлөрдү кошумчалады:
Алмаз Сапарбеков
«Оңдоо иштерине жети адам иштеди. Сапаты жагынан эң мыкты курулуш материалдары керектелди. Ар бир жасаган ишибиз текшерүүдөн өтүп жатты. Мектептин мурунку абалы менен азыркы абалын салыштырууга болбойт.»
Айыл тургундары карантинде сыртка чыкпай, китеп окууну тандашат
Суусамырда балдар үчүн оюн аянтчасы курулду
Амантаева Каныкей, Бакталбек кызы Айпери