«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Тосмо арыздын таасири-зомбулукка кайдыгерлик

25 Август 2020 жыл 20:06
Көрүүлөрдүн саны: 147

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы 6 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун жалпы 220 фактысын каттаган. Анын арасында аялдарга карата катталган зомбулуктун саны 153.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап алып чакалап суу чачып, мазактаган кишинин видеосу тараган. Эң өкүнүчтүүсү зомбулуктун курмандыгы болгон аял кайра тосмо арыз жазып күйөөсүн куткарып алууга аракет жасаган. Буга окшогон окуялардын көз жаздымда калып кеткени өтө көп. Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Талгарт Жээнтай уулунун маалыматында Суусамыр өрөөнүндө катталган зомбулуктун саны бирин экин гана. Бирок тосмо арыз жазгандар да катталган. Анын себеби өз ара чечишип, кечиришип алышат дейт.Ал эми Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Надира Эсенгулова мындайча маалымат берди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Надира Эсенгулова

«Суусамыр айыл аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган эки үй-бүлө каталган. Үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам энелери балдарын атасына таштап кеткен. Кийин тосмо арыз жазуу катталган жок. Жыйынтыгы сот менен ажырашышты.»

Төмөндө сиздерге Суусамыр айыл тургундарынан чогултулган сурамжылоону сунуштайбыз.

“Күйөөсүнүн кордугуна чыдабай кетип арыз жазышат да. Бирок балдарын ойлоп, туугандарынын сөзүн угуп кечиргендер да бар.”
“Арыз жазгандан кийин кээ бир туугандары аялга келип ар кандай кенештерди айтат. Анан аял киши балдарын, үй-бүлөсүн ойлоп, үй-бүлөнү сактап калуу үчүн тосмо арыз жазууга мажбур болот. Кээ бир аялдар назик, мүнөзү жумшак болот, мына ошолор арызын кайра алып, кечиргенге макул болот деп ойлойм.”
“Негизинен мындай нерсе бизде илгертеден болуп келет. Арабызда бар мындайлар. Бир чети камалганы деле туура, башкаларга сабак болсун. Ортодо туугандары да бар, тосмо арыз жазганга ошолор себеп болот да. Күйөөсү менен бир үй-бүлө болуп калгандан кийин ар кайсыны ойлоп атып тосмо арыз жазат. Бир чети камалып кетсе балдары жетим калат да. Бирок мынчалык кордука деле чыдап жүрө бербеш керек.”
“Менин оюмча кылмыш жасаган адамды тосмо арыз жазып куткарып алуу бул кылмышка кайдыгер мамиле кылуу. Кылмышын дагы кайталашы мүмкүн да ал адам. Жазаын алганы эң туура деп эсептейм.”

Зордук-зомбулукту жеке иш катары эмес коомдук иш катары кароого Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов “үй-бүлөлүк зомбулука каршы” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору демилгелеген. Бирок мыйзам кабыл алынаары менен дароо эле зомбулук токтоп калбайт, элдин аң сезимине кириш үчүн ага дагы 5-6 жылдаган убакыт керектелет дешет адистер.
Тосмо арыз жазуунун себептери, аялдар үй-бүлөнү сактоого кызыктар, эл эмне дейт деген стереотиптик көз караштардан уялып чыдап жашап жүрө беришет дейт гендердик эксперт Бакен Досалиева:

Гендердик серепчи Бакен Досалиева

Күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтүп, жазалоодон куткарып алышат. Анан дагы аялдардын көпчүлүгү экономикалык жактан көз каранды. Балдарын жалгыз тарбиялап багуу өтө оор нерсе. Андан тышкары укукту билбегендиги, мыйзамды түшүнбөгөндүгү таасир берет. Мыйзам боюнча кызды ала качып, нике кыйуу үчүн зомбулук көрсөткөн учурда тосмо арыз жазса да таасир бербейт, сөзсүз жазалоого алынат. Себеби кылмыштын бул түрү эл алдында ачык нерсе катары эсептелет.”
Тосмо арыз жазып кылмышкерди жазадан куткаруу кылмыштын дагы да көбөйүшүнө жол ачуу катары эсептелет.

Зыйнат Самар кызы