«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Парламенттик шайлоонун журушу кандай болууда?

4 Октябрь 2020 жыл 15:26
Көрүүлөрдүн саны: 234

Пандемия шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоо, санитардык эрежелерди сактоо менен башталды. Эреже боюнча шайлоо участогу саат 8:00 дөн тартып ачылганын, шайлоо комиссиясынын төрагасы төгүндөйт.

 

Суусамыр айыл аймагынын шайлоо камиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев, өтүп жаткан шайлоо тууралу айтып берди:

 

Шайлоо камиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев

 

« Эрежеге ылайык Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участогу саат 8:00 дөн тартып ачылды.
Суусамыр айылында жалпысынан 1783 шайлоочу бар. Пандемия шартында өтүп жаткан шайлоо, санитардык тартиптерди сактоо менен башталды. Жалпысынан 13 адам шайлоо участкасында иштеп жатат».

 

Шайлоо санитардык тартиптерди сактоо менен башталды

 

Жалпысынан 13 адам шайлоо участогунда иштеп жатат

Ал эми байкоочу камиссиянын мүчөсү Нурмат Сатылганов эч кандай мыйзам бузуулар байкалган жок деп билдирди:

 

Байкоочу камиссиясынын мүчөсү Нурмат Сатылганов

«Өтүп жаткан шайлоодо, эч кандай мыйзамсыз тартип бузуулар болгон жок. Каранавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоо тынч өтөт деген ойдомун».

 

Өтүп жаткан шайлоодо, эч кандай мыйзамсыз тартип бузуулар болгон жок

Буга улай шайлоо камиссиясынын катчысы Раиса Байгазиева шайлоонун өтүшү тууралу төмөндөгүлөрдү билдирди:

 

Шайлоо камиссиясынын катчысы Раиса Байгазиева

« №7346 шайлоо участогунда өтүлүп жаткан шайлоо тууралу, мыйзам бузуулар катталбагандыгын, эрежелер так аткарылып жаткандыгын БШКга 2 саатта бир маалымат берип жатабыз. Өзүнөр көргөндөй бардык санитардык тартиптер сакталып жатат».

 

Бардык санитардык тартиптер сакталып жатат

 

Айдана Токтобекова