Суусамыр айыл аймагына маданият үйүнүн курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилип 2019-жылы курулуш иштери күчүнө кирген. Бирок азыркы тапта маданият үйүн куруу иштери токтоп турат.
Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев
«Өзүңүздөр билгендей Конушбаев Тынчтыкбек агабыз маданият үйүн куруу маселесин чечип берүүгө жардам берерин айткан. Ал эми Айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү документтерди жиберип бул долбоорду ишке киргизкенбиз. Былтыр маданият үйүн курганда, пайдубалын Конушбаев Тынчтыкбек агабыз өзү келип капсуласын салып кеткен. Маданият үйү былтыр Республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп курулуш иштери күчүнө кирген. Республикалык бюджеттин былтыркы жана быйылкы бөлүнүп берилген каражаттын жалпы баасы 5,5млнду түздү. Тилеке каршы азыркы учурда Республикалык бюджетте каражат жок болгондуктан курулуш иштери токтоп турат. Маданият үйү качан бүтөрү белгисиз. Өзүңөр билгендей пандемия кырдаалы Республикалык бюджетти төмөндөттү. Эмдиги жылы маданият үйүнүн чатыры жабылып калса дагы бул чоң жетишкендик деп ойлойм».

Азыркы тапта маданият үйүн куруу иштери токтоп турат
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургуну, маданият кызматкер Талант Асаналиев маданият үйүнүн курулушу тууралуу өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну, маданият кызматкер Талант Асаналиев
«Суусамыр эли 7000 калкы бар, 5 айылдан турат.
1992- жылы жер титирөөдөн улам, Маданият үйсүз калганбыз. Бирок К. Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин актовый залын, маданият үй сыяктуу жасалгалап бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келебиз. Ушул жылга чейин Маданият үйүн куруу максатында көп жерге кайрылганбыз. Өзүңөр билгендей былтыр курулуш иштери башталган. Бирок азыркы учурда кандайдыр бир себептерден улам курулуш иштери токтоп турат. Менин оюмча ар бир айылда жасалгасы менен маданият үйү болушу зарыл. Кандайдыр бир жыйын өткөрүүдө, концерт, кино көрүүдө маданият үйү элге чоң пайдасын тийгизет. Маданият үйү бүтүп калса, биздин айыл үчүн чоң жетишкендик деп ойлойм».
Ал эми Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүндө тиш доктур убактылуу кабинет кылып иштейт.
Айдана Токтобекова