«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр өрөөнүндө COVID-19 вирусуна чалдыккандар катталды

3 Ноябрь 2020 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 144

Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100 гө жакын адамдан анализ алынып, учурда 10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Суусамыр айылдык оорукананын үй бүлөөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева билдирди.

Суусамыр айылдык оорукананын үй- бүлөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева

9 адам Суусамыр ооруканасында дарыланып жатат…

Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100гө жакын адамдан анализ алынды.  10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.  Аладын үчөө Кожомкул айылынан, калган 7 адам Суусамыр айылынан катталды.  Ал эми 1 адам райондук ооруканага жеткирилди. Бүгүнкү күндө 9 адам Суусамыр айылдык ооруканасында дарыланып жатат.

Дары- дармектер жетишсиз болууда….

Ооруга чалыккан адамдар үчүн атайын стационардык бөлмөлөр бар. Дем алдыруучу кислород аппараттары жетиштүү.  Бирок дары- дармектер жетишсиз болууда.

4-5 баладан пневмония аныкталды…

Кошумчалап айта кетчү нерсе, COVID-19 вирусуна чалдыккан жаш балдар катталган жок. Бирок, 4-5 баладан пневмония аныкталы. Азыркы учурда айыгып үйлөрүнө чыгырылды.

Санитардык эрежелерди сактап, көпчүлүк топтолгон жерлерге барышпасын…

Суусамыр айыл аймагынын тургундарына айтарым.  Өз иммунитеттерин көтөрүү үчүн суюктуктарды көп ичишсин, колдорун бат-баттан жууп турушсун.  Санитардык эрежелерди сактап, көпчүлүк топтолгон жерлерге барышпасын.  Ушул эрежелерди сактасак, баары жакшы болот деп ойлойм.

 

Суусамырдагы жаш балдардын саламаттыгы тууралуу окуңуз.

Айдана Токтобекова