Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби окуучуларды кабыл алып баштады. Салттуу окууга балдарын жиберген ата- энелер мектепке келип, келишимге кол коюп макулдугун беришкен.
Бул тууралуу аталган мектептин директору Азамат Кашкариев төмөнүлөрдү билдирди:

Азамат Кашкариев мектеп директору.
«Пандемияга байланыштуу март айынан бери карантиндик тартипте биздин мектеп дагы жабылган болчу, бирок Жайыл райондук ооруга каршы штабдын жана билим беруу башкармалыгынын чечими менен айылдык оорукана жетекчилигинин жана Айыл окмотунун уруксаты менен салттуу окуу башталды.Учурда бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жана дагы иштелип чыккан алгоритмдин негизинде окуу журуп жатат. Мектепте ооруган мугалимдер жана окуучулар жок. Айылдык оорукана менен тыгыз иштеп жатабыз.Бет кап жана жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыз кылышты.Балдардын сабактарга катышуусу 50% түзүп жатат.Ата-энелер менен келишимдик негизде иш алып барып жатабыз.Азыр абал туруктуу эле. Эч кандай кооптонуунун кереги жок».
Ата-энелер дагы балдарын мектепке жибергенден кооптонуп жатышкандарын билдиришти.Ошондуктан айрым окуучулар уйлорунон эле онлайн окуп жатышат.

Мырзабеков Амантур 7-класстын окуучусу.
Ал эми пандемияга карабастан мектепке балдарын жиберген дагы ата-энелер бар.Алар оздору макул болуп балдарын жиберип жатышат. Мектепте окуунун уланышын окуучулар менен ата-энелер деле туура коруп жатышат.Бул тууралуу айыл тургуну пенсионер Анюта Айрыгомова томонкучо билдирди:

Анюта Айрыгомова айыл тургуну небереси менен.
«Менин эки неберем окуйт.Мектепке барып билим алуулары эле жакшы.Классташтары достору менен жолугушуп окуучуларга да жакшы болду.Мектепти сагынышты дагы.Бардык санитардык эрежелерди сактап барып келуулорун айтып, жана бет кап жугушсуздандыруучу каражаттарын салып берип жатабыз.Бирок албетте кооптонуу бар.Пандемия убагы эртерээк отуп кетишин жана мурункудай жай турмушка кайтып келуубузду каалайт элем.»-деди.
Биз дагы мындан ары мектептердин кайрадан жабылышын каалабайбыз.Мектептерде салттуу окуу эки жумадан бери уланып жатат.

Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби.
Азиза Тамчиева