Китеп окурмандарынын көбөйүшүнө салымыбызды кошолу.
Суусамыр айылдык маданият үйүндо “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында айылдык китепканага китептерди өткөрүп берүү аземи болуп өттү.Иш-чараны айыл жаштары Бекжан Жаныбеков жана Бектурсун Толтоев жетектеди.Баардыгы болуп 500 дөн ашык китептер чогулган.Арасында жаңы китептер дагы бар.Иш-чарага айыл тургундары мугалимдер, окуучулар катышышты.Бул тууралу иш-чаранын жетекчиси Бекжан Жаныбеков төмөнкудөй билдирди:

Бекжан Жаныбеков уюштуруучу.
“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында Суусамыр айылынын жаштары тарабынан чогултулган китептерди алып келдик.Бул долбоор 2019-жылдын 5-январында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында ишке ашкан.Биз дагы Суусамыр жаштары бул долбоорду колдоп, Суусамыр өрөөнү боюнча жайылтып баштадык.Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылды камтыйт.Биздин алдыга койгон максатыбыз жалпы айыл элин китеп окуусун камсыз кылуу жана китеп окууну адатка айландыруу.Жаштардын көнүлүн китеп окууга буруу.Биздин стратегиябыз үч бөлуктөн турат.Элибизге пайда алып келүү жана жаны китептерди китепканабызга жеткирүү, ар кандай конкурстарды уюштуруу” (“окурман айыл,” окурман өлкө, китептайм.)
Айыл тургундары дагы өз ойлорун айтышып жаштарга ыраазычылык билдиришти.Окуучулар тарабынан китептердеги ырлар окулду. Иш-чара окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.

Мектеп окуучулары
Чогулган китептерге атайын “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун мөөрү басылып, китепканага өткөрүлүп берилди.
Айылдык китепкананын жетекчиси Салкын Алишерова дагы кубануу менен өз ойун билдирди;

Салкын Алишерова айылдык китепкана жетекчиси.
“Жаштарга ыраазычылыгымды билдирем.Китептер чаң баспастан өз окурмандарын табат деген ишеничтемин.Бардык айыл элин айрыкча жаштарды китеп окууга чакырамын.Сиздер үчүн китепкананын эшиги ар дайым ачык.Мындан ары дагы окурмандардын көбөйүшүн каалайм. Китепти сүйүңүздөр, окуңуздар демекчимин”-деди.
Иш-чарада долбоордун тарыхын баяндаган тасма көрүчүлөргө тартууланды. Долбоор Кыргызстандын көптөгөн айылдарына жайылтылган.Долбоордун алкагында китепканалардын иштери жанданып, көптөгөн китептер менен камсыз болушуп, өз окурмандарын тапкан.”Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негизги максаты шаар регион жана алыскы аймактарда китеп жетишсиздигин, китепкана көйгөйлөрүн чечүү, элибиздин интеллектуалдык руханий дараметин жогорулатуу,китеп окууну даңазалоо болгон.Жакшы иштер уланып,элдин өзгөчө ыктыярчы жаштардын колдоосу менен ишке ашкан.Атап айтканда китеп окурмандары көбөйүп, китепканалардын иштери жакшырган.Бир жылдын ичинде өлкөбуздө 152 китепканада ачылыштар болуп,112 миңден ашуун китеп жеткирилип,жеткирилген китептердин наркы 28 миллион 500 миң сомдон ашкан.Китеп окурмандары борбор калаада пикет менен эмес китептин аянтын курабыз деген чакырык менен китеп фестивальдарын өткөрүшкөн.
Кызыктуу фактылар Лейлек районуна 35 миң китеп чогултулуп, жүк ташуучу унаа менен жеткирилген.Ачылган китепканаларда окуучулардын эң алды он айда 80 китеп окууга жетишишкен. Аскер бөлүктөрүндө дагы китепкөй кыргыз армиясы деген чакырык менен долбоор жүзөгө ашкан.”Бир адамдан бир китеп” долбоорунун миссиясы- өлкөнү өнүктүрүү формуласы жана Кыргызстанды дүйнөдөгү китепкөй өлкөгө айландыруу болот.

Иш-чаранын убагында.
Азиза Тамчиева.