«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Ковид 19 кош бойлуулардын абалы.

6 Январь 2021 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны: 121

Пандемия шартында кош бойлууларга өзгөчө көңүл буралы.

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнү боюнча Айылдык ооруканада абал туруктуу.

Айылдык оорукананын төрөт бөлүмү.

Пандемия башталгандан бери Айылдык оорукананын төрөт бөлүмүндө каттоодо турган кош бойлуулардын абалы тууралу Айылдык оорукананын гинеколог дарыгери Гульнура Кебековага кайрылдык.

Төрөт бөлүмүнүн гинеколог дарыгери Гульнура Кебекова.

“Өрөөн боюнча кош бойлуулардын саны жылдагыдай эле. Коронавирус белгилери аныкталган кош бойлуулардан өрөөн боюнча 5 бейтап катталган.Алардын 2сүнүн абалы туруктуу, жеңил формада, үй шартында дарыланышты, ал эми 3 бейтап ооруканага жаткырылып, дарыланып сакайып чыгышты. Карантин убагында онлайн кеңештерди берип жаттык.Анткен менен илдеттин илеби кайта элек. Дагы деле кош бойлуулардын ден-соолугуна кам көрүп,түшүндүрүү иштерин тез-тезден жүргүзүп, кеңештерди берип жатабыз.Кош бойлуулар ушундай убакта өтө сак болуп, санитардык эрежелерди так сакташы керек.Илдеттин оор түрү менен ооруп калса, бойдон түшүп калуу коркунучу бар.Эненин чын ден-соолугу-курсактагы баланын аман-эсен төрөлүшүн камсыздайт.Ошондуктан көпчүлүк жерде бет кап тагынып жүрүү керек.Бет кап башка вирусттук оорулардан да коргой алат. Адамдар көп топтолгон жерден оолак болуп, санитардык эрежелер так сакталышы керек.Ошондо деле кооптону болуп жатат. Курсактагы баланын ден-соолугу үчүн эне өзүнө жакшылап кам көрүшү шарт.Витаминдерге бай азыктар менен тамактанышы керек.Азыр кыш мезгили болгондуктан, сасык тумоо вирусу да күч алып турган убак.Андан дагы сактануу кажет”.-деп өзүнүн кеңештерин айтып берди.

Азиза Тамчиева.