«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Быйыл элетте жаңы жыл майрамы жөнөкөй өттү

8 Январь 2021 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны: 95

Быйыл жаңы жыл майрамы өлкөнүн бардык аймактарында салтанаттар менен коштолбостон жупуну түрдө гана белгиленди. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам, Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө да жыл жаңырган ушул күнү өткөрүлүүчү башка оюн-зооктор менен бирге, окуучулардын жаңы жылдык балаты кечеси да уюштурулган жок.

Элеттиктер бул жылкы жаңы жыл майрамы үй- бүлө ичинде гана куттукталганын айтышат. Анткени, бир жерге көп адамдын чогулуусу, башкалар менен көбүрөөк байланыш куруу, вирустун жайылып кетүүсүнө чоң себепчи болоору ар бир адамдын эсинде.  Айыл жашоочулары ден- соолук баарынан маанилүү экендигин кошумчалашат.

Айыл тургуну Назгүл Тойгонбаеванын айтымында бул жылкы майрамда анчалык деле жаңы жылдык маанай сезилген жок. Себеби, ар жылы жакын туугандар менен бирге тосуучу бул күндү быйыл жолдошу экөө гана белгилешкен. Ага себеп да башкалар сыяктуу эле илдеттин алдын алуу үчүн көрүлгөн аракеттер.

Назгуль Тойгонбаева айыл тургуну

«Быйыл 2020-жылы башка жылдардан айырмаланып такыр эле жаңы жыл болгон жок. Мектебибизде деле жаңы жылдык балаты болгон жок. Жылда бул майрам жакшы өтчү. Мисалы, ар жылы чоң дасторкон жазып, ага-тууган, кошуна колоңдор менен чогуу белгилечүбүз. А быйыл андай дасторкон деле жазган жокпуз. Жеке өзүбүздүн үй-бүлөбүз менен гана белгиледик».

Ошондой эле Назгүл Тойгонбаева мектептерде өтүүчү окуучулардын жаңы жылдык балаты кечеси да, адамдардын маанайын жаңы жылды тосууга даярдачу экен деген оюн айтты.

Айбек Самудинов Суусамыр айыл аймагындагы 1- Май айылынын тургуну. Ал достор арасындагы жаңы жылдык чогулуштарды уюштуруудан баш тартышканын айтат.

Айбек Самудинов айыл тургуну

«Буга чейин дос балдар менен чогулуп, бири-бирибиздин үйүбүзгө отуруп тосуп жүргөнбүз. Быйыл болсо, чогулган жокпуз. Ар бирибиз өз үйүбүздөн эле үй бүлөөбүз менен өткөрдүк. Себеп ошол эле коронавирустан сактануу болду».

Эң кызыгы бул жылы Суусамыр өрөөнүндө саналуу гана үйдөн жаңы жылдык салют атылган. Жаңы жылдын салтына айланган жардыргыч заттарды колдонуу акыркы эки жылдан бери азайып келе жатканын айылдагы дүкөндөрдүн биринин ээси Эльнура Адылбек кызы белгиледи. Дүкөн ээси быйыл да эч кандай жардыргыч заттарды саткан эмес. Бул түрдөгү товарларга кардарлар тарабынан деле анчалык суроо талап болбогонун айтат.

Элнура Адылбек кызы дүкөнчү

«Быйыл дүкөнгө салют алып келген жокмун. Анткени балдар арасында тыюу салынат да бул нерсеге. Окуучулар арасында кооптуулугу да бар жардыргыч заттардын. Ошол себептен саткан жокмун. Бирок, анчалык деле суроо талап болгон жок. «Салют сатылабы»,- деп сурап келген деле адам болгон жок».

Эскерте кетсек, таажы вирусу пайда болгондон бери, аталган илдеттин жайылып кетүүсүнөн сактануу үчүн, адамдар арасындагы байланышты азайтуу, социалдык аралыкты сактоо жана адамдардын массалык түрдө чогулуусун болтурбоо сыяктуу бир катар аракеттер жүргүзүлүп келет. Ал эми, аталган аймакта учурда эпидемиологиялык абал туруктуу.

 

Жанбулат Жумабеков