«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр айылында шайлоонун жүрүшү тынч

10 Январь 2021 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны: 124

Бүгүн өлкө боюнча Президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Суусамыр айылында дагы 7346 шайлоо участкасында шайлоо өз тартиби менен өтүүдө.

7346 шайлоо участогу.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев төмөндөгүдөй билдирди:

Калыбек Таштанбаев шайлоо комиссиясынын төрагасы

«Шайлоо жакшы тынч өтүүдө. Шайлоочулардын келүүсү түшкө чейин 200 дөй жаран келип өз добуштарын берип кетишти. Элдин маанайы жакшы. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Шайлоо участкасында бардык коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталууда. Шайлоочуларга бет кап таркатылып, дене табы текшерилип, колдорун жугушсуздандыруу болуп жатат. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Жарандардын шайлоого катышуусу активдүү болуп жатат. Жалпысынан шайлоо тынч өтүүдө».

Шайлоочулар дагы шайлоонун жүрүшү тууралуу өз ойлорун билдиришти. Айыл тургуну  Мырзабек Тыныбеков:

 

Айыл тургуну Мырзабек Тыныбеков.

«Шайлоо тынч өтүүдө. Шайлоо участогунда эч кандай көйгөйлөр болгон жок. Бардыгы өз тартиби менен жүрүп жатат. Маанайыбыз жакшы. Кыргызстандын келечеги үчүн татыктуу талапкер шайланат деп ойлойм. Мен дагы өз добушумду татыктуу талапкерге бердим. Эч кандай добуш сатып алуу мыйзам бузуу болгон жок деп айта алам. Ар ким өзү каалаган талапкерди тандайт деп ойлоп жатам», -деп билдирди.

Суусамыр: 10-январдагы шайлоодо «Форма 2» колдонулбайт 

Азиза Тамчиева