Суусамыр айылында кыш мезгилинде аба ырайынын өтө суук болгондугу менен айырмаланат. Мындай суукта токойлордо чөөлөр көбөйүп, элдин тынчын алып жаткандыгы айтылууда. Жолго айылы Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылынан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал айылдан балдар мектепке жөө келип кетишет. Чөөлөрдүн көбөйүп кетиши балдардын да өмүрүнө да коркунуч дейт ата-энелер.
Жолго айылынын тургуну Нурлан үйүнө жакын келген чөөнү таяк менен чаап өлтүргөнгө жетишкен. Түшкү тамактан кийин короого мал сугарганы чыкканда короосунда чөө жүргөнүн көрүп калган. Дароо ат минип, таяк алып, токойду көздөй артынан кууп барган. Токойдун ичине чейин кууп барып, таяк менен чөөнү чаап алганга жетишкен.
Кармалган чөө
“Негизи биздин айылда чөөлөр абдан көбөйүп кетти. Үндүк, тоок жана майда жандыктарды койбой калышты. Булар үйүлүп алып топ-топ менен жүрүшөт, кечкисин ыйлашат. Баары чогуу жүрсө адамдарга да кол салышы мүмкүн. Балдарыбыз 3 чакырым алыстыкка барып окушат мектепке. Балдарыбыз үчүн да коркуп жатабыз”,-дейт айыл тургуну Нурлан.
Нурлан Усекеев- Жолго айылынын тургуну
“Балдарымды мектепке жибергенден коркуп жатам. Жалгыз жибербейбиз мектепке. Айылдагы балдар болуп чогуу жиберебиз. Кайра келе жатканда кеч калбагыла деп айтабыз. Анткени мектеп алыс үйдөн. Балдар 3 чакырым жөө барып келишет”, -дейт айыл тургуну Гулнур Турсунбаева.
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактарды коргоо боюнча Жайыл жана Панфилов райондук егери Урмат Алыпсатаров карышкырга аңчылык кылгандай эле чөөлөргө да аңчылык кылуу керек. Бирок атайын уруксат кагазын алгандан кийин гана мындай ишке барууга болорун айтат:
Урмат Алыпсатаров- егерь
“Негизи чөөлөр ооп келишет башка жерлерден. Бизге Жумгал тараптан келишет. Быйыл кар аз болгонуна байланыштуу дагы көп болушу мүмкүн. Негизи жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүно кайрылуу кат жодосо, айыл өкмөтү тарабынан ок дарылар бөлүп ьерсе болот, же бизге кайрылышса болот. Бирок көбүнчө тургундар карышкырга маани бергендей, маани бербей жатышат. Бул чөөлөр майда жандыктарды жегендиктен, коңүл бурбай жатышат окшойт. Биз маселени дагы көтөрүп колго алабыз”, — дейт Урмат Алыпсатаров.
Азиза Тамчиева