«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Элетте музейге айланган китепканалар

10 Февраль 2021 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны: 82

Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келе жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тарабынан да колдоо тапты. Айрыкча жаштар долбоорго жигердүү катышып, акыл казынасы саналган ар кыл китептер менен элеттеги унут калган китепканалардын фондун жаңыртууга аракет кылышты. Бирок, китепти чогултуу демилгеси колдоо тапканы менен негизги көйгөй китепканалардагы шарт-жагдайдын начардыгында болууда.

Кожомкул айылындагы китепкана

Алсак, өткөн жылы Кожомкул айылындагы китепканага тургундар тарабынан китептер чогултулуп, атайын салтанат менен ачылган. Бул демилге айыл эли үчүн чоң иш-чара катары бааланганын китепканачы Төрайым Кулназарова да белгилеп:

Кожомкул айылынын китепканачысы Төрайым Кулназарова

«Акыркы учурларда китеп окууга кызыккан окурмандар өтө азайып кетти. Анын бирден бир себеби заманбап технологиялардын жайылышы экени талашсыз чындык. Бирок, жаңы чыккан китептердин айыл элине жетпей жаткандыгы да негизги көйгөй. Анткени, окурман кызыккан чыгармалар китепканабызда жок болуп калат.

Жакында эле «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында бизге жаңы чыккан китептер алынып келинди. Ошондон бери китеп окууга кызыккандардын да саны аз да болсо өсө баштады. Мен китепканачы катары жаштарды китепке кызыктырууга болгон аракетимди жумшоодомун. Айрым учурларда пенсионерлерге да сураган китептерин үйүнө чейин жеткирип берип турам. Анткени биздеги башкы көйгөй китепканада отуруп окууга ылайыктуу шарттын жоктугу», — деди.

Ал эми аталган айылда жайгашкан Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин мүдүрү Жылдыз Бектурганова: «Китепкана айылга таандык болгондуктан, мектеп ага көзөмөл жүргүзүп, жардам бере албайт. Андагы шарттарды түзүү маселеси жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан каралышы кажет», — деген пикирин билдирди.

Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин мүдүрү Жылдыз Бектурганова

Албетте, китепканадагы шарттын жоктугу менен катар жаштарды окууга кызыктыруучу иш-чаралардын өтпөй жаткандыгы да башкы көйгөй. Мындай ой менен «Бир адамдан бир китеп» долбоорун Кожомкул айылында ишке ашырган Усенкан уулу Айжолбек бөлүшүп:

«Атайын сынактар өтүп, кызыктыруу иштери жүргүзүлсө китеп окууну адат кылган жаштар көбөймөк. Ошондуктан, биз мындан ары ушундай иш-чараларга басым жасоону максат кылуудабыз», — деди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы алгачкы коомдук китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган. Ал эми азыр 3000ден ашуун китепкана бар. Аларда миллионго жакын ар кыл китептер сакталган.

Мектеп китепканалары автоматташтырылат
Каныкей Аскарова, Акбермет Бакталбекова